Имитация

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе    

Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул иш-аракет үчүн, сиз балаңыз менен бетме-бет кездешкен бардык бош учурларды, мисалы, жалаяктарды алмаштырып жатканда ж.б. колдонсоңуз болот. "...  жүзү кандай?" деп сурап, балаңыздын көңүлүн буруп, белгилүү бир түр жасаңыз, мисалы балык сыяктуу: жаактарыңызды соруп, балыктай эриндеринизди кыймылдатыңыз же мисалы, коён сыяктуу: мурдунузду коёнек сыяктуу ийриңиз... Ошондой эле ар кандай башка түр болушу мүмкүн - ачууланган, кайгырган, корккон, ошондой эле баштын кыймылдары - баш ийкөө, башты ары-бери буруу, кол кыймылдары - сылап-сыйпоо, кол булгалоо...  Балаңыз сиздин иш-аракетиңизге жетишерлик узак убакыт карап, аны туураганга аракет кылуусун күтүңүз. Чыдамдуу болуп, кыймыл-аракетти же түрүңүздү кайталаңыз. Балаңызга түшүнүктүү кыскача көрсөтмө бериңиз - "Кана, сен аракет кылып көрчү !" же (эгерде сиздин балаңыз бир аз чоңураак болсо), "Оозуңду балыктай ача аласыңбы?  Көрөйүнчү!" деген сөздөрдү айтып, аны кубаттаңыз. Балаңыз кандайдыр бир түрдү же кыймыл-аракетти кайталаганда, ар дайым эмне жасаганын айтыңыз, анткени сиз ушинтип анын сүйлөөсүн өнүктүрөсүз. Ошондой эле, балаңыздын кыймыл-аракетин же мимикасын туурап, аларды атаңыз. 

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Сиз балаңызга өтө жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткарууга жардам бересиз, бул балаңыздын ой жүгүртүүсүн, сүйлөө жөндөмүн жана социалдык-эмоционалдык өнүгүүсүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам.