Изилдөө жана буюмдарды табуу оюну
Сизге керектүү материалдар: Каалаган сүйүктүү оюнчуктар, жалаяктар, шарф, кагаз сүлгү, кездемеден сумка же баштык, кичинекей желим бөтөлкөлөр, ар кандай уруктар жана майда буюмдар.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Буюмдарды жашырып жана издеп ойноо. Наристеңизге буюмду жууркан, жалаяк же жаздыктын астына катып жатканыңызды көрүүгө уруксат бериңиз. Эгер бала катылган нерсени таба албай жатса, кийинки жолу аны жарым-жартылай жаап коюңуз. Наристеге буюмду табууга жардам бериңиз.
Кичинекей оюнчукту кагаз сүлгү же кездемеге бош кылып ороп коюңуз (скотчту колдонбоңуз). Бала оролгон нерсени жайып, сюрпризди таба алат. Ошондой эле ачык түстүү жана шылдыраган башка жумшак кагаздарды же орой турган кагаздарды колдонсоңуз болот. Оюнчукту жука салфеткага, кездемеге же жалаякка ороп койсоңуз дагы болот. Дагы бир идея - бала эртең менен таба турган сюрприз сумканы жасоо. Кагаздан же кездемеден жасалган баштыкка төмөнкүдөй буюмдарды же ушул сыяктуу башка буюмдарды толтуруңуз: жумшак оюнчук, үн чыгаруучу нерсе, бурама капкагы бар кичинекей желим идиш же картон барактары бар китеп. Наристеңизди "сыйкырдуу баштыкты" изилдөөгө үндөңүз. Буюмдардын коопсуздугун текшерип, жакшы көзөмөлдөңүз.
Башка идея - жумшак оюнчук же куурчак менен "ролдуу оюндарды ойноо". Наристеге куурчак эмне кылып жаткандыгын көрсөтүп, айтып бериңиз (басып жатат, уктоого камынууда, тамактанып жатат, столдун жанында ойноп отурат). Куурчактын жасап жаткан иштерин сүрөттөө үчүн сөздөрдү колдонуңуз, балким, куурчактын үнүн туурасаңыз болот - сиз үчүн жана наристеңиз үчүн кызыктуу нерселердин бардыгын жасаңыз. Наристеге ошол оюнчукту берип, ал куурчакты кыймылдатып, сиздин кылганыңызды кайталаганын караңыз. Эгер наристеңиз бул оюнду жактырса, кезектешип кайра ойноңуз!
Балдар үн чыгаруучу жана ызы-чуу чыгарган нерселер менен ойногонду жакшы көрүшөт. Эгер убактыңыз жана материалыңыз болсо, анда баланын колуна бата тургандай жоон кылып, темир билериктерди жипке тизип, бир топ татаал шылдыракты жасай аласыз. Ошондой эле кичинекей желим бөтөлкөлөрдү (балдар ача албаган капкактары менен) үнү ар башка болгон нерселер менен толтурсаңыз болот, мисалы, шариктер, күрүч, туз, жүгөрү даны ж.б. Эгер сиз ушуну жасасаңыз, анда коопсуздук үчүн капкакты бекем жаап, наристени үндөрдү изилдөөгө үндөңүз.
Бул иш-аракетти бош убактыңыз болгондо колдонсоңуз болот, аны балаңыз менен жөнөкөй оюн катары пайдаланыңыз. Эгерде улуу бир туугандары болсо, аларды үй-бүлөнүн эң кичүү мүчөсү менен ушул сыяктуу оюнду ойноого чакырыңыз.
Сиздин наристеңиз эмнени үйрөнүп жатат: наристеңиз жаңы буюмдарды же адамдарды, кармоо жана алар менен ойноо аркылуу тааный баштайт. Бул иш-чаралар алардын моторикалык жана сезүү жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жардам берет.