Кантип пластилин жасоого болот

Сизге керектүү материалдар: 2 стакан ун, ½ стакан туз, 2 аш кашык тартар соусу, 2 аш кашык өсүмдүк майы, тамак-аш боёгу, 1 же 1½ стакан жылуу суу, идиш, аралаштыргыч кашык.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Үйдө пластилин жасаганды билесизби? Көңүл ачуунун арзан жана оңой жолу! Аны ар кандай түстөр, жылтырак, жыпар жыттар менен өзгөчөлөштүрсөңүз болот. Пластилин ушунчалык универсалдуу; аны ар кандай окуп үйрөнүү тажрыйбалары үчүн колдонсо болот - жана эч качан зериктирбейт!

 1 кадам

Унду, тузду, татар соусун жана майды идишке салып аралаштырыңыз.

Illustration of How to make playdough Step 1

2-кадам

Эгер сиздин камырыңыз бир түстө боло турган болсо, анда ырааттуу бир түстү алуунун оңой жолу бул жылуу сууга азык-түлүк боегучун кошуңуз, эгерде ар түстө  болсо, анда  3-5 кадамдарга өтсөңүз болот.

Illustration of How to make playdough Step 2

3-кадам

Аралаштыруучу идишке сууну акырындык менен бир аз кошуп коюңуз. Ал айкалышкан камырга айланганга чейин аралаштырып туруңуз.

Illustration of How to make playdough Step 3

4-кадам

Камырды жабышкактык кеткенге чейин катуу жууруңуз. Эгер дагы деле бир аз жабышкаак болсо, анда ундан бир аз кошуп, мыкты консистенцияны алсаңыз болот.

Illustration of How to make playdough Step 4

5-кадам

Эгерде сиз бир нече түстөр, жыттар же жылтырак менен пластилин жасап жатсаңыз, анда камырды түрүнө жараша бирдей бөлүктөргө бөлүңүз. Камырды кичинекей сэндвич баштыктарына салып, бир нече тамчы тамак-аш боёгучтарын, жыпар жыттуу заттарды же жылтырактарды кошуңуз. Канчалык айкөл болсоңуз, түс ошончолук жаркырайт. Колуңуз боёлуп калбашы үчүн баштыктын ичинде камырды жууруңуз. Ал жакшылап аралаштырылганга чейин камырды жууруңуз.

Illustration of How to make playdough Step 5

Пластилинди бир нече ай бою жаңы бойдон сактоо үчүн,  аны жабык идиште же жабыла турган баштыкта сактаңыз (абаны сыгып салыңыз)! Кургак жана салкын жерде сактаңыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул кызыктуу иш-чарада балаңыз манжаларды жана колдорду тагыраак колдонуу менен моторикалык көнүгүүлөрдү өрчүтөт. Балаңыз сиз менен көңүл ачып, көп нерсени үйрөнүп жатат.