Кара, мен муну менен эмне жасай аламын!
Сизге керектүү материалдар: Балаңыздын сүйүктүү оюнчуктарынын айрымдары же үйүңүздөгү башка жөнөкөй буюмдар (мисалы, кашыктар жана идиштер, кагаз жана бир нече карандаштар; кичинекей жыгач блоктор, бир нече кездеме кесиндилери ж.б.)
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул куракта балаңыз дагы деле буюмдар менен ойногонду жакшы көрөт. Эми ал бул буюмдарды жөн гана изилдебестен, ал аларды кандайдыр бир себептерден улам колдонууга аракет кылат. Жөн гана балаңызга кандайдыр бир буюмдарды берип, балаңыздын эмне кылышы мүмкүн экендигин байкаңыз. Мисалы, ал бардык кашыктарды бир идишке салып, же кашык менен тамактанып жаткандай, же оюнчук телефонду алып, аны менен “сүйлөшкөндөй” түр көрсөтө алат. Жөн гана балаңыздын иш-аракеттерин көрүп, ырахат алыңыз. Ошондой эле, сиз оюнчуктардын бири менен кызыктуу бир нерсе жасап көрүңүз, балаңыз сизди туурайбы же балким башка иш-аракет менен алектенеби байкай аласыз. Балаңызга кандай буюмдарды эмнеге колдонсо болорун билүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү бериңиз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Мындай иш-аракет күнүмдүк жөнөкөй тажрыйба аркылуу балаңыздын ой жүгүртүү жөндөмүн бекемдейт. Балаңыз “Бул эмне жана ал эмне кыла алат? Бул эмне үчүн?" деп ойлонот. Ал мүнөт сайын үйрөнүп жатат!