Карачы, колдоруң менен эмне жасай аласың!

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта наристеңиз өз колун байкап жатат. Ал аларды карайт (булар эмне?), ошондой эле колдору менен оозун таба баштайт. Наристеңизге мындай өнөрдү үйрөтүүнүн кажети жок, бирок сиз күн сайын ушул жаңы билимге ар тараптан түрткү бере аласыз. Күндүн көпчүлүк бөлүгүндө наристеңиздин манжалары жана колдору бош кыймылда болгондугун текшериңиз. Памперсти алмаштыруу, кийинтүү жана жуунтуу убактысы балага жакшы мүмкүнчүлүктөр болушу мүмкүн. Көбүнчө наристеңизди манжаларын менен колдорун көрүп жана  башкара алгыдай абалда жаткырыңыз. Балаңыз андай «амалды» тапканына аябай сүйүнгөндөй сезилет.  Көңүл буруңуз жана ушул байланышты түзүүдөгү канааттануу менен бөлүшүңүз.

Наристеңиз эмнени үйрөнүп жатат: Бул наристеңиздин дененин ар кайсы бөлүктөрүндөгү кыймыл-аракеттерин башкара билүүсүндөгү маанилүү кадам. Ошондой эле, тийүү жана даам сезүү сезими өнүгөт, анткени наристеде оозу менен манжаларынын байланышы түзүлөт.