Каракулдар
Каракулдар
Сизге: калем же калемсап, кагаз керек.
Оюндун маңызы эмнеде: биринчи оюнчудан көзүн жумуп каркулдарды тартууну сураныңыз. Конкреттүү эч нерсе тартуунун кереги жок экендигин түшүндүрүңүз; мисалы, сызыктарды, формаларды же тармал сымал нерселерди тартуу үчүн калем менен чиймелөө. Оюнчу сүрөт тартып бүткөндөн кийин, “иштелмени” кийинки оюнчуга өткөрүп берүүсүн сураныңыз. Анын милдети — сүрөттү таанымал нерсеге айландыруу. Бул трактор, келгин, динозаврлардын үйүрү болушу мүмкүн... ойго эмне келсе. Андан кийин башка оюнчулар эмне болгонун болжолдоого аракет кылып көрсө болот!
Эгер сизде балдардын чоң тобу болсо, анда аларды кезектешип каркулдарды тартуу үчүн жуптарга бөлүүгө болот.
Балдарга сүрөт тартуу эркиндиги жагат жана жыйынтыгы сөзсүз күлдүрөт!
Мында бала эмнеге үйрөнөт: сүрөт тартуу чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жардам берери далилденген! Бул учурда баланын мээси бир эле учурда үч окуу режиминде болот: визуалдык, кинестетикалык жана угуу.