Кат алышуу менен дос күтөбүз
Сизге: калемсап же калем, кагаз, конверт, маркалар керек.
Оюндун маңызы эмнеде: алыс жашаган туугандарыңыздын же үй-бүлөңүздүн досторунун арасынан балаңызга же балдарыңызга кат алышуу менен дос табууга аракет кылыңыз. Катта балаңыздан ар кандай нерселер жөнүндө жазууну сураныңыз, мисалы, ал эмне кылганы, жаккан жана жакпаган нерселер, жакынкы убакта эмне кылууну пландаштырганы же үмүттөнгөнгөнү жөнүндө. Балаңызды каттарда чыгармачыл болууга үндөңүз жана аларды кызыктуу кылыңыз — сүрөттөрдү, наклейкаларды же кичинекей белектерди кошсун. “Кат алышуучу” досу өз кезегинде досунан ар кандай нерселер жөнүндө сурасын — жана маектеши жооп жөнөтүш үчүн дарегин сөзсүз көрсөтсүн!
Кызыктуу маалымат: 1920-жылдын июнь айына чейин АКШда балдардын салмагы 5 килограммга чейин болгон шартта аларды почта аркылуу жөнөтүүгө уруксат берилген!
Мында бала эмнеге үйрөнөт: кат алышуучу достун болушу балаңызга достук мамиле түзүүгө, өзүн билдирүүгө жана жазылгандарды баалоого жардам берет. Каттарды үзгүлтүксүз жазуу сабаттуулукту жогорулатуунун жана көрүү-мотордук координациясын өнүктүрүүнүн көңүлдүү ыкмасы. Балдарга почта аркылуу жооп каттарды алуу абдан жагат!