Кайдан тепсең болот?

Сизге керектүү материалдар: Бир же бир нече топтор (эгер сизде топтор жок болсо, аларды бырышкан кагаздан же оролгон байпактан жасай аласыз); Топтордон чоңураак картон кутуча; Балаңыз топту тебе турган башка нерселер (мисалы, жерге коюлган таяк)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды оюн ойноого чакырыңыз: "Сен топту тебе аласыңбы?  Жакшы!  Эми бир аз татаалдаштырып көрөлү. Ушул жерден топту коробканы карата тебе аласыңбы? (коробка  ачык жагы менен балага карата турат). Бутуңду гана иштет, колуңду эмес. Кайра аракет кылчы, бул оңой эмес!  Балким, жакыныраак турушуң керектир ”деңиз. Сиздин сунуштарыңыз балаңыздын чеберчилигинен жана кызыгуусунан көз каранды.  Сиз иш аракетти татаалдаштыра аласыз: «Эми башка нерсени байкап көрөлү. Ушул жерде туруп, топту тигил таякка чейин жеткендей тебе аласыңбы? Ой-иий, мыкты тептиң! ”

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Азыр сиздин балаңыздын физикалык көндүмдөрү бир топ өнүккөн. Ушул жана ушул сыяктуу иш-чаралар балаңызга анын кыймылын башкара билүүгө жардам берет. Балаңыз ошондой эле ой жүгүртүү жөндөмүн өрчүтүп жатат, анткени балаңыз топту канчалык тепкенди же топ кутуга кирип кетиши үчүн кайсы бурчтан жакшы болоорун пландаштырат.