Кегли

Сизге керектүү материалдар: Кегли топтому; топ.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ачык жерде балаңызга / балдарыңызга кеглини (же бөтөлкөлөрдү) бош үч бурчтукта же ромбик түрүндө жайгаштырып, ар бир кеглинин ортосунда боштук болсун. Төрт-беш метр артка туруп, оюнчулар кезек-кезеги менен топту тизилген кеглилерди көздөй тоголото түртүп, аларды болушунча кулатууну көздөшөт. Кулатылган ар бир кеглиге упай берилет. Он раунддан кийин ким көп упайга ээ болсо, ошол оюнду жеңет! Балдар кеглиден алысыраак туруп, бир нече оюндарды ойной алышат.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Кегли - Байыркы Египеттен бери оюнчуларды өзүнө тартып келген жөнөкөй оюн! Зеригүүнү жок кылуучу эң сонун оюн, бала кантип эң көп кеглини кулатууну үйрөнүп жатканда, анын дүйнө тааным жана кыймыл-аракет көндүмдөрү өнүгөт. Бул оюн бүтүндөй үй-бүлөнүн көңүлүн көтөрө алат.