Кел жолугалы жана сүйлөшөлү!

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе кереги жок

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта балаңыздын тили тездик менен өнүгүп жатат. Үйдө үн жана сөздөрдү колдонууга балаңызга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берип жатасыз.  Барган сайын, бири-бириңерди түшүнө аласыңар!  Мүмкүн болсо, балаңызга чоң ата, чоң энеси (жеке же видео чалууларда), кошуналары же сатуучу болобу, башкалар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Бара-бара, балаңыз чоңдорго бир нерсе айтууга аракет кылышы мүмкүн. Сиз балаңызга суроолорду берүү менен жардам бересиз - мисалы: “Ой, бул мөмөнү кара. Кандай жемиш сатып алабыз? ”.  Эгер балаңыз айрым сөздөр менен жооп берсе, аны кайталаңыз же дагы бир аз сөздөрдү кошуп айтып, дүкөнчү менен байланыштырыңыз. Мындай тажрыйба ар кандай жолдор менен болушу мүмкүн.  Балаңызга баарлашууну баштоо, жана аны түшүнүп жатышканы кызыктуу.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңызда тил жана коммуникативдик көндүмдөр өрчүп жатат.  Ал социалдык жагдайларда  өзүн ишенимдүү сезүүдө.  Сиздин колдооңуз анын жаңы кырдаалдарда өзүнүн коопсуздук жана ыңгайлуулук сезимин өрчүтөт.