Келгиле, аларды тандап алалы!

Сизге керектүү материалдар: Сиздин балаңызга жаккан майда нерселер жана аларды сала турган идиш.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңыз чоңойгон сайын, ал, албетте, бир колду экинчи колго караганда көбүрөөк колдонууну жактыра баштайт. Балаңызга бул нерсени үйрөтүүнүн кажети жок, анын ордуна колдорун ар кандай жолдор менен пайдаланууга көп мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы мындай оюн - себет же кичинекей кутуча менен полго майда нерселерди (коопсуз нерселерди) коюуңуз. Сиз коопсуздук үчүн балаңыздын жанында болуп (себеби балдар оозуна майда нерселерди салышат), аны идишке буюмдарды салып, аларды кайра алып чыгууга үндөңүз.  “Мынакей дагы бир кубикти кутуга салабыз.  Дагы бирин салабыз.  Эми  сенин кезегин келди! ”деп бул оюнду биргеликте ойносоңуз болот. 

Убакыттын өтүшү менен балаңыз эки колун бирдей колдонуп жатканын же бир колун көбүрөөк колдонуп жатканын байкоо кызыктуу болот. Бул нерсени балаңыз сыртта жүргөндө, балким, таяктарды же жалбырактарды терип жатканда же үйдө кашык же чыны алып жатканда байкасаңыз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Буюмдар менен машыгуу тажрыйбасы - бул майда моториканы өркүндөтүүнүн бир бөлүгү, кийинчерээк ага жазуу үчүн карандаш кармоого жардам берет.  Күнүмдүк машыгуулар кызыктуу жана маанилүү.  Колдонулуп жаткан буюмдардын атын атасаңыз, бул иш-аракет тилди өнүктүрүүнү дагы күчөтөт.