Келгиле, китепти карап көрөлү

Сизге керектүү материалдар: Бир же бир нече сүрөттөрү бар  китептер (Эгерде жок болсо, журналдын сүрөттөрүн барактарга чаптап, аларды бириктирип же жөнөкөй сүрөттөрдү тартуу менен жөнөкөй китепти жасай аласыз)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул куракта сүрөттүү китептерди балаңыз менен биргеликте карасаңыз,   ал андан ырахаттанат. Сиз окуп жатканда же сүрөттөр жөнүндө сүйлөп жатканда, балаңызды китептин барактарын ачууга үндөңүз. Муну кызыктуу кылыңыз: мисалы: “Ой, мышык азыр кайда баратканын көрөлү.  Баракты ача аласыңбы? ”деп сураңыз. Көрсөтүп, керек болсо балаңыздын колун жетектеңиз.  Сиз: “Баракты ачканың үчүн рахмат.  Мышыктын даракта жүргөнүн көрдүм! ” деп айтсаңыз болот. Балаңыз кызыгып, барактарды ачкан сайын, ушул бөлүгүн күнүмдүк жомок окууга айланткыла. Балаңыздын өз алдынча китеп же журнал барактарын ачууга дилгирленип жаткандыгын көрө аласыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Барактардын беттерин ачуу аракети – бул сиздин  балаңыз  колдорунун  майда моторикасынын жаңы көндүмдөрүн  чебердик менен пайдаланышына мүмкүндүк берет. Барактарда эмне бардыгы менен жаңы сүрөттү көрүү үчүн аларды ачуу кадамы ортосунда байланыш түзүп, балаңыздын ой жүгүртүүсү дагы бекемделет.