Кичинекей алакан чабуулар
Сизге керектүү материалдар: Жумшак жууркан же отургуч (милдеттүү эмес); ырлар жана рифмалар
Бирге эмне кылсаңыз болот: Жаш балаңыз жашоосунун алгачкы күндөрүнөн баштап эле өз денесин билип, башкарууну үйрөнө баштайт. Бул нерсе убакыт талап кылса дагы, жакшылап карасаңыз, наристеңиздин кичинекей колдорун кармаганга аракет кылгандыгын көрө аласыз. Ушул оюндардын жардамы менен сиз ага майда моторикасын өркүндөтүүгө жардам бере аласыз.
Баштаардан мурун ойной турган жерди камдап алышыңыз керек. Жуурканды же отургучту ыңгайлуу жерге коюңуз. Наристеңизди жуурканга жаткырып, ага жакын отуруңуз, ал сизди көрө алат. Анын колу жана манжалары менен ойногондо ырларды же рифмаларды ырдоодон баштаңыз. Төмөнкү оюндардын бирин байкап көрсөңүз болот:
Эгер бактылуу болсоң
Эгер бактылуу болсоң, алакан чап (чап).
Эгер бактылуу болсоң, алакан чап (чап).
Эгер сен бактылуу болсоң жана аны сен билсең, анда аны колдоруң билип калат.
Эгер бактылуу болсоң, алакан чап (чап).
Наристеңиздин ысымын ал каалаган учурда колдонсоңуз болот. Наристеңиздин колдору чогуу болгондо, аларды этият жана кылдаттык менен кармап, кыймылдатып турууну унутпаңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет сиздин кичинекей наристеңизге көз менен колду координациялоону, кыймыл аракетти башкарууну өрчүтүүгө жана кобурашуу менен социалдык байланыштарды баштоого жардам берет