Кичинекей бала менен бирге окуйбуз

Кичинекей бала менен бирге окуйбуз

Сизге эмне керек: балдар үчүн китеп (ачык түстүү сүрөттөрү жана кармалай турган элементтери менен). 

Оюндун маңызы эмнеде: китепти чогуу кароо үчүн баланы тизеңизге отургузуңуз, бирок ошол эле учурда баланын жүзүн да көрүшүңүз керек. Китепти экөөңөргө тең баары көрүнүп тургандай кылып кармаңыз жана “окуп” баштаңыз. Сиз сүрөттөгү нерсени баяндап же бул тууралуу окуяны айтып, сүрөттөрдү сөөмөйүңүз менен көрсөтүп, аларда сүрөттөлгөндүн бардыгын айтсаңыз болот. Кыска жана жөнөкөй сүйлөмдөрдү колдонуңуз. Интонацияны өзгөртүп, тынымдарды жасаңыз. Үнүңүз ар кандай эмоцияларды билдириши керек — таң калууну, кубанууну...

Бала сиздин мимикаңызды көргөнү, ал эми сиз анын мимикасын байкаганыңыз маанилүү. Көргөн эмоцияларды жана реакцияларды айтыңыз, балага жаккан жана жакпаган нерселерди атаңыз. Ал китепти кармалап, барактарын барактап жана аны бардык мүмкүн болгон ыкмалар менен өздөштүрсүн. Эгер бала сүрөттөрдү карап үн чыгара баштаса, анда сиз менен кошо "окусун" — кичинекей баланы угуп, анын артынан тыбыштарды кайталап, суроолорду берип, кубаттап жооп бериңиз. Эгер сиз балага китеп кызыктуу болбой калганын көрсөңүз (ал башка жакты карап жатса же башка ыкма менен улантууну каалабаганын көрсөтсө), ал ага кайра көңүл бургуча чыдамдуулук менен күтүңүз, анан улантыңыз. Эгер бала китепке кызыкпай калса, башка нерсе менен алектенип, кийинчерээк ага кайтып келиңиз. 

Мында бала эмнеге үйрөнөт: китептерди чогуу окуу жана кароо балаңыздын коммуникативдик көндүмдөрүн жана тилин өнүктүрүү үчүн маанилүү.