Китептер, маалымат каражаттары жана жарнама - гендердик көз караш

Балдар китептеринин, массалык маалымат каражаттарынын жана жарнамалардын, анын ичинде мектеп окуу китептеринин мазмунунун көбү гендердик стереотиптерди жана ролдорду дискриминациялайт. Ошондуктан, балдар өзүлөрүнүн жынысына байланыштуу кабыл алынган ролдорду, жүрүм-турум моделдерин жана күтүүлөрдү акыл-эси менен толук сынчыл ой жүгүртө албаган куракта өздөштүрө башташат.
Body

Балдар китептеринин, массалык маалымат каражаттарынын жана жарнамалардын, анын ичинде мектеп окуу китептеринин мазмунунун көбү гендердик стереотиптерди жана ролдорду дискриминациялайт. Мисалы, ханбийкелерди сактап калган ханзаадалар жөнүндөгү аңгемелерди уктаар алдында угуу, балдарды белгилүү бир сапаттарды алар өзүлөрү тааныган жыныс менен байланыштырууга үндөйт. Ошондуктан, балдар өзүлөрүнүн жынысына байланыштуу жүктөлгөн ролдорду, жүрүм-турумдарды жана күтүүлөрдү аң-сезимсиз эле өздөштүрө башташат, алар маалыматты сынчыл ойлоо менен талдай алышпайт. Бул ачыктан-ачык гендердик көз-караштардын өрчүшүнө жана коомдогу бирдей эмес бийлик структурасынын сакталышына алып келет. Ушул эле маселе бардык түрдөгү ММКларда, анын ичинде балдарга багытталган жарнамалардан дагы  байкасак болот. Анын үстүнө, жаш балдар интернеттеги маалымат каражаттарын барган сайын көбүрөөк колдонуп жаткандыктан, интернеттеги сексуалдык зомбулук көйгөйү өсүүдө.

Ата-энелер үчүн кеңештер:

Гендердик нейтралдуу же бардык жыныстарга кенен укук берген жана инклюзивдик көз карашты камтыган китептерди жана маалымат каражаттарын жигердүү издөө; патриархатты түбөлүккө сактаган салттуу жана стереотиптик окуялардан алыс болуңуз.

Балдарды, салттуу түрдө башка жыныс менен байланышкан китептер жана массалык маалымат каражаттарын окуусун кубаттаңыз.

Ата-энелер жана камкорчулар санариптик технологияны колдонуунун позитивдүү жана ден-соолукка пайдалуу адаттарын калыптандырып, алардын интернеттеги зомбулуктун белгилеринен сак болуусун сактоо үчүн  балдар тарабынан колдонулушуна чектөө коюу  зарыл.

Мектептерди гендердик теңчиликке жана ар тараптуу өкүлчүлүктү камсыз кылуу үчүн окуу китептерин кайра карап чыгууга үндөө керек.