Китепти сахналаштыруу

Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балдардан өзүлөрү ойлоп тапкан китептерин сахналаштыргысы келгенин же сахналаштыруу үчүн аларга тааныш болгон китептин аталыштарын шляпанын ичинен сууруп тандагысы келгенин сураңыз.

Тандоо үчүн айрым белгилүү  аталыштар төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

•            Абдан ач курт (бардык тамакты жеп, жибек пилага оронуп, көпөлөккө айланыңыз)

•            Груффало (аркаңыздагы тикенектерди жана мурундун учундагы уулуу сөлдү сезиңиз)

•            Жапайы нерселер кайда (ысык тамак үчүн үйгө сүзүп барардан мурун, күркүрөп, тебелеп-тепсеп, "бардык жапайы нерселердин падышасы" бол)

•            Алиса керемет дүйнөдө (коёндун ийинине кулап түшкөндөй, "Мени ич" бөтөлкөсүнөн ууртап, кичирейип эшикке батып кеткендей түр көрсөтүкүлө)

•            Питер Пэн (Неверлендге учуп барып, капитан Крюк менен кылычтар менен урушууну аткаргыла)

Башка оюнчулар китептин аталышын болжошу керек жана биринчи кезекте ким туура тапса, кийинки кезекке чыгат.

Жаш оюнчулар үчүн төрт-беш китепти чогуу тандап, алардын кайсынысы аткарылып жаткандыгын болжоп берүүсүн сураңыз. Ошондой эле, алар чоңдордун жардамы менен китебин сахналаштырууну жактырышы мүмкүн.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул иш-аракет баланын өзүнө болгон ишенимин өрчүтүүгө жана сүйүктүү жомок китептерин аткарууда кыялдануу сезимин жайылтууга сонун жардам берет. Башка оюнчулар китептин аталышын билиш үчүн кылдаттык менен көңүл бурушу керек - угуу жана концентрация көндүмдөрүн машыктыруу үчүн сонун туура келет.