Көбүктөрдү жасоо
Сизге керектүү материалдар: Ак же түстүү кагаздар, карандаштар же борлор
Бирге эмне кылсаңыз болот: Сиздин балаңыз ушул куракта жазууну же кагазга чиймелегенди жакшы көрөт. Ага көбүнчө кагаз менен карандаш берип, балаңыздын эмне кыла алаарын байкаңыз! Көпчүлүк балдар тарта баштаган биринчи формасы тегерекчелер. Баракчаны көбүктөр менен толтуруу көңүлдүү иш чара. Сиз: “Кел, көбүкчөлөрдү жасайбыз! Карачы, мен биринчи жасап берейин ”десеңиз болот. Кагазга бир нече тегеректерди тартып, “Эми сага кезек келди! Көбүктөрдү кайда тартасың? О, бул чоң экен! (же башка кызыктуу комментарийлер). Башка түс колдонгуң келеби? Карачы, биз канча көбүрөктөрдү жасап жатабыз!" деп айтыңыз. Балаңыздын көбүкчөлөрү сиздикине окшобосо, кабатыр болбоңуз. Эгерде сиздин балаңызга бул иш чара чындыгында эле кыйын болсо, анда сиз анын колун акырын жетектей аласыз, же бул иш-аракетти кийинкиге калтырып, жөн гана жазуу менен алектенсеңиз болот.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиздин балаңыз карандаш же борду колдонууну көбүрөөк көзөмөлдөп жатат. Ал сиздикине окшош форма жасоого аракет кылып, кылдаттык менен байкап турат. Балаңыздын физикалык жана когнитивдик өнүгүүсү ушул иш-аракет менен бекемделет жана аны чогуу жасоо сиздердин мамилеңизди бекемдейт.