Көлчүктү кечебиз!
Сизге: резина өтүк жана суу өтпөгөн кийим керек.
Оюндун маңызы эмнеде: көпчүлүк балдар көлчүктөрдүн жанынан жөн эле өтө алышпайт. Көлчүктөрдү кечүү кызыктуу, чачырандылар; бир аз кирдеп калса эч нерсе эмес?! Бул сонун да!
Көлчүктөрдү кечүү — мектептен үйгө бара жатканда кыска мөөнөттүү нерсе эмес. Жамгырдан кийин балдарды көлчүктөрдү каалашынча кечүү үчүн атайын сыртка алып чыгууга эмнеге болбосун?
Резина өтүк жана суу өтпөгөн кийимдерди кийип, мүмкүн болушунча көп көлчүктөрдү табууга аракет кылыңыз. Эң чоңу кайда? Эң тереңичи? Чачыранды кимде көп? Бир буттап көлчүктөн ким секире алат? Эки буттапчы?
Балдар ар бир көлчүктүн чагылышын карап көрүшсүн. Алар эмнени көрүшөт? Жалбыракты, таякты же ташты сууга таштаса эмне болот?
Көлчүктү сиз да кечкенден коркпоңуз — эгер сиз балдарга кошулсаңыз, алар кубанат!
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул иш-аракет — балдар үчүн курчап турган дүйнө менен таанышуунун эң сонун ыкмасы, бул алардын бардык сезүү органдарын стимулдайт, эмоцияларын өрчүтүүгө түрткү берет жана таза абада убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү!