Колго жасалган музыкалык аспап

Сизге керектүү материалдар: Сиздин колуңузда идиш катары иштете ала турган нерселер, мисалы, бош жана жуулган бөтөлкө же кутуча, үн чыгарганга толтура турган нерселер: кургак макарон, күрүч, дандар, эски топчулар, майда таштар, айрым сумкаңыздагы же чөнтөктөрдөгү нерселер, кыпчуурлар ж.б. Бул оюнчукта көптөгөн майда бөлүктөр бар, ар дайым идишти бекем жаап, баланын коопсуздугуна кам көрүңүз. 

Бирге эмне кылсаңыз болот: Контейнерди алып, жакшылап жууп, кургатыңыз. Эгер сизде, балаңыз ичиндеги нерселерди даана көрө ала турган идиш болсо, анда ошону колдонуңуз. Андан кийин анын ичин,  заттар жылып, үн чыга турган кылып толтуруңуз. Колго жасаган оюнчугуңуз даяр.  

Наристеге аны сунуштаңыз жана аны оюнчуктун бардык мүнөздөмөлөрүн изилдөөгө үндөңүз - анын ичинде эмне бар экендигин, сиз аны кыймылдатканда же силкигенде ичиндеги нерселер кандай  жылып жатканын байкоого, кармоого, басканга же ал чыгарган бардык үндөрдү укканга.  Балаңыз оюнчук менен бир нерсе кылган сайын, анын ниетин, натыйжасын же сезимин айтып туруңуз - мисалы: - Карачы, булар шагылдар экен! же "Ой, бул жерде бизде эмне бар, кичинекей күрүчтүн данектери турбайбы." "Ой, урганыңда кандай үн чыгып жатат!" же "Сага анын шагыраганы жагып жатабы".  
 
Сиз бул иш аракетти бош убактыңызда, үйдө жана бакта, сыртта ылайыктуу жерлерде, ден соолукту жана коопсуздукту эсиңизден чыгарбай, колдоно аласыз.  

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул иш-аракет балаңызга оюнчуктардын ар кандай үндөрүн жана мүнөздөмөлөрүн чайкоо, чабуу, ыргытуу аркылуу, деталдарга көңүл буруу менен үйрөнүүгө жардам берет. Сиздин балаңыз жалпы жана кыймыл-аракет көндүмдөрүн активдүү колдонот.