Көрсөт жана айт
Эмне керек: балаңыздын кийимдери, кагаз баштыктар, сүрөттөрү менен журналдар же китептер.
Оюндун маңызы эмнеде: бул буюмдардын аталыштарын айтуу оюну. Дайыма дене мүчөлөрүнүн, күн сайын колдонгон буюмдардын аталыштарын жана бала билген адамдарды кантип чакыруу керектигин айтыңыз. Ошентип, ал бардык нерсени белгилөө үчүн сөздөр бар экендигин түшүнүп, бара-бара буюмдарды жана алардын аталыштарын байланыштыра баштайт.
Байпактардан же кагаз баштыктан эки жөнөкөй оюнчук куурчак жасаңыз — бири өзүңүз үчүн, экинчиси балаңыз үчүн. Оюнчугуңуз бала же анын оюнчугу менен “сүйлөшсүн”. Бала “жооп берсин” жана оюнду улантуу үчүн анын ар бир жообуна сизде жаңы жооп болсун. “Сүйлөөчү” оюнчук катары каалагандай анча чоң эмес оюнчукту колдонсо болот.
Кийимдерди, оюнчуктарды, дене мүчөлөрүн, буюмдарды же сүрөттөрдү көрсөтүү менен “Бул эмне?” деп сураңыз. Эгерде бала суроого өзү жооп бербесе, анда сиз өзүңүз жооп берип, аны сиздин артыңыздан кайталоого үндөңүз. Бул экзамен эмес, кызыктуу убакыт өткөрүү.
Журналдардагы жөнөкөй сүрөттөрдү альбомго чаптап же фотоальбомго салуу менен сүрөт альбомун жасоого болот. Балага ошондой эле өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн караган жагат. Бул куракта балдарга үй жаныбарларынын сүрөттөрү да жагат.
Кийгенге чейин баланын кийимдерин керебетке коюп, сиз атаган буюмдарды — көйнөктү, шымды, байпакты, бут кийимди берүүсүн сурансаңыз болот.
Эки бирдей чөйчөктү же табакты жана бир кичинекей оюнчукту алыңыз. Оюнчукту чөйчөктүн астына бала аны көрбөгөндөй кылып жашырыңыз. Андан кийин сураңыз: “Оюнчук азыр кайда?” Бала аны тапканда сураңыз: “Бул эмне? Бул эмне деп аталат?”.
Бул абдан жөнөкөй көнүгүү, ал үчүн дайыма убакыт бар, бала менен күнүмдүк иштерди аткарууда да жасоого болот.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: ар кандай оюндар жана иш-аракеттер — кичинекей балаңыздын өнүгүүсүнө жана үйрөнүүсүнө түрткү берүү мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле бул ой жүгүртүү, эмоционалдык жана социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу.