Көрсөтмөлөрдү аткаруу
Сизге керектүү материалдар: Топ, жалбырак же гүл, баланын баш кийими ж.б.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Көчөгө чыгалы! Балаңызды (жана мүмкүн болсо башка үй-бүлө мүчөлөрүн) бакчаңызга же сейил бакка же башка оюн аянтчасына алып барыңыз. Балаңыз (сиздин көзөмөлүңүз менен) өз алдынча изилдөө жүргүзүүдөн ырахат алсын, ал өзү басып жана чуркай алат да. Андан кийин "көрсөтмөлөрдү аткаруу" оюнун ойной аласыз. Бир эле учурда балаңызга эки нерсени тапшырыңыз. Мисалы, " Сен топту алып, аны мага ыргыта аласыңбы?" Бир-эки жолу жаңсап көрсөтүү керек. Балаңыздын кылган иши үчүн балаңызды мактаңыз. Эгерде эки кадам өтө эле татаал көрүнсө, анда бир эле жөнөкөй көрсөтмө менен ойноп, дагы бир жолу кайталап көрүңүз. Балаңыз оюндан рахат алса, кайра-кайра ойноңуз. Көңүлдүү иш-чаралар менен ар кандай көрсөтмөлөрдү түзүңүз: -Атага чуркап барып, кайра апага чуркап келе аласыңбы? -Сен топту алып, аны чоң атага алып бар!
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыз эки бөлүктөн турган жөнөкөй көрсөтмөлөрдү түшүнүп, аларды аткарууга үйрөнүп жатат. Чоңойгон сайын ал татаал көрсөтмөлөрдү, мектепке даярданууну жана андан да татаал окуу иш-аракеттерин аткара алат. Үйүңүздөгү жагымдуу оюндар балаңыздын когнитивдик өнүгүүсүнө (ой жүгүртүүсүнө), ошондой эле анын тилине жана баарлашуу жөндөмдөрүнө түрткү берет (башкалардын көрсөтмөлөрүн түшүнүү).