Коштошуп жаткандай түр көрсөтүү
Сизге керектүү материалдар: Айтып бергенге жомок китепчесинен же өзүңүз жараткан окуя, же жасалма оюнда колдоно турган куурчактар, жумшак оюнчук жаныбарлар, же башка буюмдар.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта, балаңыз кичүүрөөк кезинде, сиз аны бирөөлөр менен таштап кеткен учурга (мисалы, чоң ата, чоң энеси же бала бакчада тарбиячы менен) караганда азыраак кыжалат болгондой сезилиши мүмкүн. Балаңызга өзүн коопсуз сезүүгө жардам берүүнүн бир жолу - жомок айтып берүү же “түр көрсөтүп ойноо”. Мисалы, апасы базарга кетип жаткан кичинекей кыз же бала жөнүндө окуяны окуп же оюңуздан чыгарып айтып бериңиз. Баланы кошунасы карап калат. Окуяга баланын капаланганын, бирок анын кол булгалап коштошуп калганын, коңшусунун тизесине отуруп, ойной турган оюн таап, апасы кайтып келгенде кубанып жаткандыгын билдирүү кирет.
Мындай окуяны же башка окуяны куурчактар же башка жасалма материалдар менен ойнолсо болот. Балаңыздан “Кичинекей кыз өзүн жакшы сезиши үчүн эмне кыла алат? Кимдир бирөө жардам бере алабы? ”деп сурасаңыз болот.
Албетте, сиз балаңызга күнүмдүк тажрыйбада сизден бөлүнүп өзүнчө калууда коопсуздукка ишенүүгө жардам бере аласыз. Кетерде балаңызга качан кайтып келээриңизди, сиз жокто сиздин балаңызга кандай кам көрүлөрүн айтыңыз жана сиз жокто сиздин балаңыз убакытты кандайча өткөрүшү мүмкүн экендиги жөнүндө бир нече ойду айтып бериңиз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ушул окуялардын бардыгы балаңызга эмоционалдык жактан коопсуз болууга жана анын сезимдерин жөнгө салууга жардам берет. Балаңыз жагымсыз абалдарга кантип туруштук берүүнү үйрөнүп жатат. Ошондой эле ал келечек жөнүндө ойлонуп, кантип пландаштырууну өздөштүрүүдө.