Кубиктер менен ойнойлу
Сизге керектүү материалдар: Жыгачтан же желимден жасалган кубиктер же кичинекей оюнчуктар; Чоң контейнер.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Бул оюнду ойноо үчүн, балаңызды төшөккө же полго отургузуп, үч кубикти жана идишти балаңыздын алдына коюңуз.
Жасаган кыймылыңызды балаңыз көрүп турушу керек. Ага кубикти алып, идиштин ичине кантип салганды көрсөтүп, түшүндүрүп бериңиз.
Кийин кубиктерди алып, балаңыздын сөөмөйү менен идиштин ичин көрсөтүп, сиздин жасаган кыймылды кайталоосун сураныңыз. Балаңыз бул иш аракетти кандайча жасалаарын түшүнмөйүнчө кайталап көрсөтө берсеңиз болот. Аны бардык аракеттери үчүн мактап туруңуз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Кубиктерди манипуляциялоо менен эле, колдун булчуңдары иштей баштайт жана ошол эле учурда алардын кыймылын кол жана манжалар менен так жана координациялоону практика жүзүндө колдонушат. Бул эмгектеп баштоого жана убакыт келгенде туура жазууга жетишүү үчүн зарыл болгон көндүм.