Курсакка сүйлөйбүз!

Сизге: жумшак жууркан, жумшак жер керек.

Оюндун маңызы эмнеде: кичинекей балдардын сүйлөө жөндөмдөрү биринчи сөздөрүн айтканга чейин эле өнүгө баштайт. Бул оюн менен сиз кичинекей балаңызга буга оңой жана көңүлдүү келүүгө жардам бересиз.

Баштаардан мурда сиз ойной турган жерди даярдайсыз, ал жайлуу, жылуу жер болушу керек. Жууркан сыяктуу жумшак жерде ойногон жакшы, жакын жерде кооптуу буюмдардын жок болушуна көңүл буруңуз.

Баланын кийимин чечип, жумшак жуурканга чалкасынан жаткырыңыз. Анын жанына тизелеп туруп, баланын көңүлүн буруңуз. Ал үчүн сиз аны менен сүйлөшүп, ыр ырдап же курсагын сылап койсоңуз болот.

Эми балаңыздын курсагына эриндериңизди тийгизип, сүйлөп, ырдап, ырларды айта баштаңыз жана кичинекей балага айткыңыз келген бардык жакшы нерселерди айта бериңиз. Сүйлөп жатканда үнүңүздүн тонун жана бийиктигин өзгөртүңүз. Бир нерсе айтып бүткөн сайын, балаңызды өпкүлөп, курсагын сылап койсоңуз болот.

Бул иш-аракет учурунда жылмайып, бардыгын акырын жана жайбаракат жасоону унутпаңыз. Ар кандай үндөрдү чыгарып, импровизация кылыңыз: тилди шык эттириңиз, дыңылдаган үн чыгарыңыз, үйлөңүз, кытыгылагыңыз. Баланы коркутпаш үчүн катуу эч нерсе жасабаңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүүнүн натыйжасында балаңыз өз денесин жакшыраак таанып-билет, бул сүйлөө, социалдык жана сенсомотордук өнүгүүнү стимулдайт.