Кутудагы топтор

Сизге керектүү материалдар: Ар кандай көлөмдөгү айрым топтор (бул сиз тоголок байпактан же гезиттен жасаган жумшак топ болушу мүмкүн); эң чоң топтон чоңураак картон куту керек болот.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Оюнду үйдүн ичинде (эгер топтор жумшак болсо) же сыртта орнотуңуз. Балаңызды топту кутуга таштоого аракет кылууга үндөңүз. Балаңызга аны кантип жасоону көрсөтүүдөн баштаңыз жана алгач кутуга жакын туруңуз. Балаңыз топту ыргытууну жакшыраак аткара баштаганда, аны  артыраак жылууга чакырыңыз. Ар кандай көлөмдөгү топтор менен ойноп көрүңүздөр. Балаңыз  өз алдынча ыргытканды жакшы көрөт. Эгер балаңыз оюнга кызыгып жатса, анда ал топту канча жолу кутуга сала алгандыгын эсептеп турсаңыз болот.  

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиздин балаңыз ушул жана башка оюндарда өзүнүн физикалык чеберчилигин өркүндөтүп жатат. Балаңыз топту так ыргытуу үчүн анын кыймылын башкарууну үйрөнүп жатат.  Бул жөндөмдүүлүккө ээ болуу балаңыздын өзүнө болгон ишенимин арттырат. Эгерде сиз оюнга эсептөөнү кошсоңуз, анда балаңыз математикадагы алгачкы жөндөмдөрүн дагы жакшыртат.