Кутуларды ачабыз
Сизге: орточо көлөмдөгү картон же платик куту (капкагы менен болсо жакшы); ар кандай көлөмдөгү оюнчуктар керек.
Оюндун маңызы эмнеде: алгач 5-10 оюнчукту кутуга салыңыз. Андан кийин кутуну балага берип, аны кантип ачууну көрсөтүңүз.
Андан кийин буюмдарды кутудан чыгарып, кайра салууга болорун көрсөтүңүз. Ымыркай кичинекей оюнчуктарды сөөмөй жана баш бармак менен гана алууга жана алар кулап түшүү үчүн кое берүүгө аракет кылат (пинцеттик кармоо калыптанат).
Ымыркай оозуна толугу менен салып алуусу мүмкүн болгон кичинекей буюмдарды колдонуу сунушталбайт.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү менен сиз пинцеттик кармоону, балаңыздын майда моторикасын стимулдайсыз жана кызыгуусун арттырасыз.