Куурчагым менен туурап ойнойм
Сизге керектүү материалдар: Куурчак же жумшак оюнчук жаныбар же ушул сыяктуу нерселер; Кичинекей чыны жана жууркан же кездеме сыяктуу бир нече башка материалдар; Сиздин балаңыз туурап ойноо аркылуу көрсөтө турган башка нерселердин бардыгы.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул куракта, сиздин балаңыз "туурап ойной" баштайт - буюмдарды колдонуп, балаңызга тааныш жөнөкөй көрүнүштөрдү жаратыңыз. Жөнөкөй жолдор менен мындай оюнга түрткү берсеңиз болот. Балаңыз менен отуруп, сүйүктүү куурчакты, жумшак аюуну же ушул сыяктуу башка оюнчуктарды (жада калса, байпактан жана кездемеден жасалган) алып, куурчак ымыркай деп көрсөтүңүз. Сиз куурчакты силкилдетип, ырдап, чөйчөктөн "тамактантып" же жасалма төшөккө жаткырсаңыз болот - бирок, эмне кылсаңыз да, жөнөкөй кылыңыз. Куурчакты коюп, балаңыздын эмне жасап жатканын көрүңүз. Ал сиз жасаган нерсени туурап жасашы же буюмдарды башкача колдонушу мүмкүн. Сиз балаңыздын эмне кылып жаткандыгын сүрөттөп айтып турсаңыз болот: “Ой, балаң уктап баратабы? Бейпил түн каалап жатасыңбы! ”, деп сураңыз. Балаңыз кызыгып турса дагы ойной бериңиз. Буюмдарды балаңыз таба турган жайга коюп, өз алдынча кайрадан колдоно ала тургандай кылыңыз. Кызыгуу жогору болуш үчүн мезгил-мезгили менен жаңы буюмдарды кошуңуз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Мындай оюн аркылуу бир нерсени (мисалы, кичинекей оюнчук аюуну) башка нерсе катары (мисалы, чыныгы наристе) колдонгондо, балаңыздын ой жүгүртүү жөндөмү өрчүйт. Мындай ой жүгүртүү кийинки академиялык компетенттүүлүктүн негизин түзөт. Ошондой эле чыгармачылык менен элестетүүнү ойготуп, көңүлдүү, оюн-зоок менен алектенип, балаңыз менен болгон байланышыңызды бекемдейт.