Куурчак кайда?

Сизге: жумшак жууркан, оюнчук же куурчак керек.  

Оюндун маңызы эмнеде: алгач сизге жана кичинекей балаңызга ыңгайлуу болгон жерди табыңыз. Жуурканды тегиз жерге салыңыз.

Кичинекей балаңызды жуурканга чалкасынан жаткырып, анын көңүлүн буруу үчүн ага: “Менде сюрприз бар!” деп айтыңыз. Куурчакты же оюнчукту колуңузга алып, артыңызга жашырыңыз.

Куурчакты артыңыздан алып чыгып: “Салам, (балаңыздын ысымы)!”. Андан кийин оюнчукту кайрадан артыңызга жашырыңыз.

Кичинекей балаңыз оюнчук азыр чыгат деп күтө баштаганга чейин оюнду уланта бериңиз. Оюнчук ар кайсы жерден, мисалы, колуңуздун астынан, далыңыздан жана башка жерлерден чыккандай кылып аракет кылыңыз. Көңүлүн буруу үчүн оюнчукту балага жакын алып келиңиз. Эми балаңыздын кезеги келди. Оюнчук менен ойносун, карасын, ал сиздин артыңыздан кайталоого аракет кылышы мүмкүн.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү кичинекей балаңыздын көңүлүн, ошондой эле нейрон байланыштарын жана азыр оюнчук чыгат деп түшүнгөндүгүнө жараша көрүп кабыл алуусун өнүктүрүүгө жардам берет.