Күзгү менен сүйлөшүү
Сизге керектүү материалдар: Күзгү
Бирге эмне кылсаңыз болот: Кичинекей балаңызды күзгүгө кароого чакырыңыз. Күзгүнүн алдында туруңуз, экөөңүздөр чогуу болгула. Балаңыз менен учурашуудан жана үндөрдү кайталоодон баштаңыз.
Ал ар кандай күлкүнүн, жаныбарлардын, буюмдардын үндөрүн айтуудан баштайт. Анын жообун күтүңүз. Башында ал таң калат, бирок сиз аны кайталаган сайын, кичинекей балаңыз да үн чыгара баштайт.
Кичинекейиңиз чыгарган үндөрдү кайталаңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул жөнөкөй иш-аракет сиздин кичинекей балаңызга өзүн тил аркылуу таанып, билдирип, кийинчерээк аларды башка адамдардан таанып билүүгө мүмкүнчүлүк берет.