Күзгү оюндары: "Мага эч ким окшобойт"

Сизге керектүү материалдар: Чоң дубал күзгү, же сынбай турган кичинекей күзгү (оюнчук катары).

Бирге эмне кылсаңыз болот: Муну кандай жасаш керек: Ымыркайга өзүн күзгүдөн көрүүгө уруксат бериңиз. Ымыркайдын керебетинин же жалаягын которуучу столдун жанына сынбай турган күзгүнү коюңуз, андан бала өзүн  көрө алат. Сүйлөшүп баштаңыз жана ал күзгүгө карашы үчүн аны сылаңыз. "Карачы, мынакей... (балаңыздын аты)", деп айтыңыз. Бир аз убакыттан кийин ымыркай ал өзүнүн чагылышы экендигин түшүнөт. Ымыркайды күзгүнү сайгылап, манжасы менен өзүн күзгүдөн көрсөтүүгө уруксат бериңиз.

Күзгүгө балаңыз менен чогуу караңыз - жылмайып, ага күзгүдөн кол булгалаңыз. Күзгүгө каранып жатканда жылмайып, күлкүлүү мимикаларды чогуу жасаңыз. Помада же карандаш менен, чоң күзгүгө балаңыз чагылдырылган жерди тегеретип, ал жерге манжалары менен тийүүгө жана күзгүнү колу менен боёого, өзгөрүүлөрдү изилдөөгө жана ишке түшүнүүгө көмөктөшүңүз. Ымыркайдын ар бир жасаган ишин позитивдүү жана колдоочу комментарийлер, үндөр менен коштоп туруңуз, эмне кылып жаткандыгын, болуп жаткан окуяларды, күзгүдө кимдер бар экендиги жөнүндө сүйлөшүп, ымыркайдын атын кайталаңыз жана күзгүдөн жүзүн көрсөтүңүз . Күзгүдөгү өзүңүздүн образыңыз менен дагы ушул нерсени бир жолу кайталаңыз. Өзүңүздү көрсөтүңүз, атаңызды атап - бул апа ... бул ... (баланын атын кайталаңыз).  Балаңыз чоңойгон сайын  өзүнүн атын таанып баштаганын көрө аласыз.  Аны көп колдонуңуз.

Күзгүнүн алдында балаңыз менен жашынмак оюнун же "[баланын аты] кайда?" оюнун дагы  ойной аласыз . Ал өзүн жана / же сизди алып койгон жоолуктун артынан кайра көргөндө, ал ар дайым жанып, жылмайып турат.

Ымыркай курсагында жатып тоголонуп же сойлоп баштаса, "келип мага жет" оюнун ойноңуз. Ымыркай бир аз кыймылдасын, а сиз аны ээрчип, аны кармаганда кучактайсыз.

Сиз бул иш-чараларды ар кандай учурларда, алдыңызда жакшынакай чоң күзгү турганда, ошондой эле жерде ойногон башка оюндарда, бешикте, чоң керебетте, дарыгердин бөлмөсүндө күтүп турганда жасай аласыз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Бул оюндар бала үчүн ушунчалык кызыктуу, бирок ошол эле учурда анын образын, сырткы көрүнүшүн жана айлана-чөйрөдөгү ордун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.