Кыймыл көнүгүүлөрү
Сизге керектүү материалдар: Ар кандай көлөмдөгү жана текстурадагы оюнчуктар же жумшак жууркан
Бирге эмне кылсаңыз болот: Ишти баштаардан мурун, сөзсүз түрдө жерди даярдап алыңыз. Кичинекейиңизди ыңгайлуу жайга, алдыңызга, килемдин үстүнө, керебетке же отургучка жайгаштырсаңыз болот.
Бул ишти баштоо үчүн, сиз берген стимулдарга жооп бериши үчүн, кичине массаж жасап, балаңыздын колдорун даярдасаңыз болот. Андан кийин балаңызга оюнчукту сезүү үчүн аны берип, андан кийин ага жетүүгө аракет кылганга жакыныраак аралыкка койуңуз.
Эгер сизде оюнчук жок болсо, балаңыз алыстан жетүүгө аракет кылышы үчүн жумшак жуурканды колдонсоңуз болот. Алардын көңүлдөрүн көтөрүп, жетишкендиктерин белгилегенди унутпаңыз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет менен сиз балаңызга кол менен көздүн координациясын колдонуп бир колу менен нерселерге жетүүгө жардам бересиз.