Кызыктырган сандар
Сизге: жакшы маанай керек!
Оюндун маңызы эмнеде: баланын көзүнө карап акырын үн чыгарып санаңыз. Мында сиз анын реакциясын, ага кызыккан нерселерди байкайсыз, керек учурда ага жардам берип, көңүлүн өзүңүзгө бура аласыз. Эгер ал жетиштүү чоң болсо, балага өзү эсептөөгө жардам бериңиз. Ал үчүн сандар жана эсептөөлөр менен жөнөкөй ырларды ырдаңыз.
Бул көнүгүүнү мүмкүн болушунча көп жасаңыз. Сейилдегенде кезиккен таштарды санагыла, бутактагы жалбырактарды санагыла, бир үйдөн экинчисине кадамдарды же бөлмөдөгү терезелерди санагыла.
Бул көнүгүүнү күн сайын бош убактыңызда же күнүмдүк иш-аракеттериңизде — кийингенде, тамак бышырып жатканда, соода кылганда же сейилдеп жүргөндө жасай аласыз.
Мында бала эмнеге үйрөнөт: сандар ар дайым бизди курчап турат! Эсептөө кызыктуу болгондой кылыңыз — бул баланын математика жөндөмүн өнүктүрүүнүн ыкмаларынын бири.