Манжа издеринен жаралган жаныбарлар

Сизге керектүү материалдар: Жууганда кете турган манжа боёктору / уулуу эмес боёктор; Боёкту аралаштыруу үчүн тайыз идиш; Кагаз; Фартук же эски кийим; Дасторкон; Эски фланел.

Бирге эмне кылсаңыз болот: Чыгармачылыкка да, өзүңүздү тазалоого да керектүү нерселердин бардыгын даярдоодон баштаңыз (айрыкча кичинекей балдар катышканда).

Балдардан кайсы жаныбарларды жараткысы келерин сураңыз. Алар ферма, зоопарк же тропикалык токой жаратуу үчүн мышык, пил, чычкан, таш бака ... же бир нече жаныбарларды тандап алышы мүмкүн!

Андан кийин, боёкторду алып чыгыңыз! Боёкторду аралаштыруу үчүн тайыз идишти колдонсоңуз - балдарга жаңы түстөрдү кантип жасоону үйрөтсөңүз мыкты болот.

Балдардан манжаларын же баш бармактарын боёкко салып, андан кийин кагазга басып, жаныбарлардын баштарын жана денелерин жаратуусун өтүнүңүз.

Боёктун кургашына убакыт бериңиз, андан кийин балдардан кулак, сызыктар, куйрук сыяктуу деталдарын тартуусун сураныңыз - манжаларынын изин калтыруу менен жаратуу үчүн эмне керек болсо, ошонун бардыгын жасай беришсин!

Чоңураак балдар манжаларынын издери менен көбүрөөк элестетүүнү жактырышат: ташбаканын айнасындагы деңиздей же пилдин айланасындагы чөптөр менен бак-дарактардай...

Кичинекей балдарга бармак издерин барактын  бетине булгабай, шыбабай калтыруу кыйынга турушу мүмкүн. Аларды кошумча барак менен камсыздаңыз, ошондо алар өзүлөрү каалагандай бармак издерин калтырып ойношот!

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат : Кичинекей балдар боёктор менен ойногондон тажабайт! Бул чыгармачыл иш-аракет балдарга манжа издеринин жардамы менен сүйүктүү жаныбарларын жасап жатканда, аларды түстөрү жана деталдары менен билдирүүгө мүмкүндүк берет!