Манжалар

Эмне керек: Көңүлдүү маанай!

Оюндун маңызы эмнеде: алгач көңүлүн буруу үчүн балаңыз менен сүйлөшүңүз. Ал сизге карап калганда, манжалар жөнүндө ырды айтыңыз, сөөмөйүӊүздү анын манжаларына кезеги менен тийгизип, акырын кыймылдатыңыз. Бир нече убакыт өткөндөн кийин бала өзү оюн учурунда жана андан кийин манжаларын кыймылдата баштаганын көрөсүз:

Бул манжанын уйкусу келиптир (баш бармакты кыймылдатыңыз).

Бул манжа керебетке жатты (эми сөөмөйдү)

Бул манжа үргүлөп кетиптир (эми ортонду)

Бул манжа уктап калыптыр (эми аты жокту)

Мунусу катуу уктап жатат (эми чыпалакты)
Тынч, акырын, унчукпагыла,

манжаларды ойготпогула... (шыбырап айтасыз).

Таӊ агарып атканда,

Күн кызарып чыкканда (шаттуу)

Куштар сайрайт кубулжуп,

Манжалар да ойгонот! (манжалардын баарын кезеги менен кыймылдатасыз).

Эсиңизде болсун, сиздин бардык кыймылдарыңыз назик жана этият болушу керек, баланын жанында сабырдуу жана кылдат болуңуз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул көнүгүү балаңыздын манжалары менен колдору бар экенин, аларды кыймылдата аларын түшүнүүгө жардам берет. Бул анын майда кыймылдарын, колдун булчуңдарын башкарууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, балаӊыз менен болгон жакшы мамилеӊизди бекемдейт, баланын эмоцияларын өнүктүрөт.