Мастит жана көкүрөктүн абцесси

Мастит - бул жергиликтүү ооруксунуу, кызаруу жана толуп чыгуу менен коштолгон эмчектин сезгенүүсү. Жабыркаган көкүрөктөн сүттүн чыгышы кыйын. Адатта көкүрөктүн бирөөсү гана жабыркайт. Аялда көп учурда калчылдоо, баш айлануу, баш оору пайда болушу жана өзүн начар сезиши мүмкүн.
Body

Эгерде маститти алгачкы баскычында аныктабаса, ал абцесске (ириң топтолгон жергиликтүү шишик) айланышы мүмкүн. Абсцесс орун алган көкүрөктүн айланасы ысыйт, ооруксунат, суюктукка толуп, шишип чыгат же ириңдүү суюктуктар пайда болушу мүмкүн.

Эксперттер арасында «мастит» термини дайыма бактериялык инфекцияны билдиреби же жокпу деген бирдей пикир жок; бул, албетте, дайыма сезгенүү процесси. Курч маститтин кыйла көп кездешкен себеби ириңдүү стафилококк болуп саналат, ал калчылдоо, чыйрыгуу, талмоорсуу жана эң оор учурларда эмчек абцесси сыяктуу симптомдорду пайда кылуучу токсиндерди өндүрөт. Өзгөчө баланын ооз көңдөйүндө молочница болсо мастит ошондой эле грибоктор тарабынан дагы пайда болушу мүмкүн. Курч мастит учурунда сиз өзүңүздү абдан жаман сезишиңиз мүмкүн; туура дарылоонун жардамы менен сиз бат эле жакшы болуп кетесиз.

Көбүнчө төрөттөн кийинки алгачкы апталарда пайда болот, ошол эле учурда эмизүү учурунда кайсы гана убакта болбосун пайда болушу мүмкүн. Эмчектин толуп кетишинен жана сүт түтүктөрүнүн бүтөлүп калуусунан айырмаланып, мастит бир көкүрөктө пайда болот!

Маститтин себептери

Эмчектин толуп кетишине алып келген бардык факторлор да маститти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

  • үрптөгү жаракалар
  • көкүрөктөгү сүт түтүктөрү аркылуу эмчекке өтүүчү инфекция
  • туура эмес бошотулган же тазаланбаган бүтөлгөн сүт түтүктөрү
  • баланын оозундагы инфекция
  • эмизүүнүн күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурашы.

Маститти дарылоо

  • Дарыгерге кайрылыңыз жана анын кеңеши боюнча инфекция, оору жана калчылдоого каршы дарыларды колдонуңуз.
  • Эгерде эненин температурасы 24 сааттан ашык жогору болуп турса, эгерде симптомдор 24 сааттан кийин тез-тез жана эффективдүү эмизүү же көкүрөктү бошотуудан кийин сакталып турса, эгерде эненин абалы начарлап кетсе, антибиотик менен дарылоо зарыл.
  • Эмизүүнү токтотпоңуз (эгер дарыгер сунуштабаса).
  • Ымыркайдын көкүрөккө туура жайгаштырылгандыгын текшериңиз жана керек болсо абалын оңдоңуз.
  • Ар бир эмчек эмизгенден кийин жабыркаган эмчектен сүттү саап салыңыз.
  • Саагандан кийин саат сайын 15 мүнөткө муздак компресстерди  коюңуз.
  • Мүмкүн болушунча инфекция азайганга чейин эс алыңыз, бирок эмизүүнү токтотпостон (көкүрөк эмес, эне эс алат!).

Мастит кайталанса дайыма бир эле жер дайыма жабыркайт, кызаруу жана шишик жок болуп кетпейт, абсцесс бар экендигин эске алыңыз (көкүрөктү ультра добуштуу изилдөө сунушталат жана алынган натыйжалардын жыйынтыгында хирургга кайрылуу керек). Абцесс  пайда болгон учурда хирургиялык дарылоо (кесүү жана дренаждоо) зарыл.