Мектепке чейинки курактагы баланын жүрүм-туруму: эмнелерди күтүү керек?
Мектепке чейинки курактагы баланын жүрүм-туруму
Мектепке чейинки курактагы балдар курчап турган дүйнөнү активдүү изилдешет. Балдар абдан кызыкдар болуп жана “ким?”, “эмне?”, “эмне үчүн?” жана “эмнеге?” деген суроолорду көп беришет. Бул мезгилде сиз чогуу алек болуп жатканда балага көбүрөөк убакыт жана көңүл бөлүшүңүз керек болуп калышы мүмкүн. Мисалы, сейилдөө учурунда сиздин мектепке чейинки курактагы балаңыз токтоп, үлүлдү көпкө чейин өздөштүрүп, анын түзүлүшү, тамактануусу жана жашоо чөйрөсү тууралуу суроолорду берип калышы мүмкүн.
Дүйнөнү түшүнүүгө аракет кылуу менен мектепке чейинки курактагы балдар көп учурда алаксып кетишет жана балаңыз сизди укпай жаткандай сезилиши мүмкүн. Чындыгында, ал беш мүнөт мурун сиз ага айткан маалымат жөнүндө ойлонуп, түшүнүүгө аракет кылууда.
Мектепке чейинки курактагы бала үчүн көз карандысыздык абдан маанилүү экендигин унутпаңыз. Ал өзүн жетилген инсан катары сезип, өз күчүнө болгон ишенимин жана өзүн-өзү сыйлоо сезимин өрчүтүү үчүн бардыгын өз алдынча жасап көрүшү керек. Кээде бала жаңы билимди өздөштүрүүдө сиздин жардамыңызга жана колдооңузга муктаж болот. Мектепке чейинки курактагы балага жаңы көндүмдөрдү практикалоого мүмкүнчүлүк берип, анын көз карандысыздыгына түрткү берүүгө аракет кылыңыз.
Мектепке чейинки мезгилде бала курдаштары менен достук мамиле түзүүгө жана биргелешкен оюндарды ойноого жардам берүүчү өзүн-өзү жөнгө салуу сезими активдүү өнүгөт. Балаңыз бала бакчанын тобунда ийгиликтүү баарлашып, белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди сактай алат. Ал тургай, чоңоюп келе жаткан мектепке чейинки бала күчтүү сезимдер менен күрөшүүгө жана ага кыйын же тааныш эмес жагдайларда өзүнүн жүрүм-турумун башкаруу кыйын экенин унутпашыбыз керек. Балаңызга сезимдерин билдирүүгө жардам бериңиз, оор кырдаалда аны колдоңуз.
Мектепке чейинки уюмга баруунун артыкчылыктары
Мектепке чейинки жаштагы балдар бала бакчага кубаныч жана кызыгуу менен барышат. Айрым балдар мектепке чейинки уюмдун эрежелерине жана күн тартибине көнүү үчүн убакыт талап кылынат.
Бала бакчага баруу балаңызга социалдык көндүмдөрдү өрчүтүүгө жана практикалоого мүмкүнчүлүк берет. Балдар курдаштары менен достук мамилелерди түзүүгө жана сактоого, чыр-чатактуу кырдаалда өз алдынча чечим табууну, кадыр-баркка ээ болууга үйрөнүшөт.
Режимдик учурларга катышуунун жардамы менен балага өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүн өздөштүрүү оңой болот − өз алдынча тамактануу, кийинүү, уктап калуу.
Мектепке чейинки курактагы баланын жүрүм-турумундагы көйгөйлөр
Тынчсыздануу
Чочулоо, тынчсыздануу, коркуу − биздин психиканын кубаныч, ырахат жана суктануу менен бирге психикабыздын кадимки эмоционалдык көрүнүштөрү. Мектепке чейинки курактагы балада коркуунун пайда болушу анын инсандык өнүгүүсүндөгү табигый этап болуп эсептелет. Бул куракта балдар караңгыдан, монстрлардан, жалгыз калуудан, доктурга баруудан ж.б. коркушу мүмкүн.
Балдардын коркуулары, эгерде аларга туура мамиле жасап жана алардын пайда болушунун себептерин түшүнсө, көбү түп тамыры менен эле жок болот. Коркунучтун пайда болушу көбүнчө баланын мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана үй-бүлөлүк тарбиянын стилине байланыштуу болот. Көбүнчө ата-энелер баланы: “Уктабасаң — Жезкемпир алып кетет”, - деп коркутушат. Балаңызга коркунуч жөнүндө дайыма эскертүү менен сиз байкабастан коркуу сезимин пайда кыла аласыз: “Барба — жыгыласың”, “Кармаба— күйөсүң”. Балага мунун эмне коркунучу бар экени азырынча түшүнүксүз болушу мүмкүн, бирок ал тынчсызданууну сезип, коркуу сезими пайда боло байштайт.
Эгер мектепке чейинки курактагы балаңыздын тынчсыздануусу, коркуу сезими күчөсө же катуу корксо (ит тиштесе, лифтте калып калса), жардам сурап адиске кайрылыңыз.
Шылдыңдоо
Көп учурда мектепке чейинки мезгилде балдардын коркуу сезимини пайда болушунун себеби курдаштары менен өз ара мамилелер болуп саналат. Эгер баланы балдар коллективинде кабыл алышпаса, аны таарынтып коюшса, анда ал кемсинтүүгө жана кордоолорго дуушар болбош үчүн бала бакчага баргысы келбейт. Ушундай кырдаалды чечүү үчүн бала бакчанын тарбиячысы же психологу менен сүйлөшүү керек. Эсиңизде болсун, эгер балаңыз мектепке чейинки билим берүү уюмунда шылдыңдоого дуушар болсо, анда ал сиздин мээримиңизге жана колдооңузга муктаж.
Уруш-талаштар
Мектепке чейинки курактагы балдардын ортосундагы уруш-талаштар көп кездешет. Уруш-талаштардын себептери төмөнкү факторлор болушу мүмкүн: баланын темпераменти, жаш курагы, анын коммуникативдик жана социалдык көндүмдөрүнүн өнүгүү деңгээли. Бул көндүмдөрдү кичинекей бала менен чогуу ойноп өркүндөтсөңүз болот. Мисалы, оюндун жүрүшүндө сиз чыныгы чыр-чатактуу кырдаалды моделдеп, аларды чечүү жолдорун чогуу иштеп чыксаңар болот.
Адаттар
Көптөгөн балдардын белгилүү бир “жаман” адаттары жана иш-аракеттери бар, мисалы, тырмак тиштөө же мурунду чукуу, булар сизди тынчсыздандырышы мүмкүн. Адатта, мындай көрүнүштөр балаңыз чоңойгон сайын жоголот. Бирок, кичинекей баланын мындай иш-аракеттери күчөп жаткандыгын байкасаңыз жана өз алдынча башкара албай жатсаңыз, адиске кайрылыңыз.
Балдардын калпы
Мектепке чейинки мезгилде балаңызды кокустан калп айтып жаткан жеринен кармай аласыз. Куулук же алдоо жөндөмү — бул балаңыздын жаңы өнүгүү этабынын далили. Балаңыз сизди кандай жагдайларда алдап жаткандыгын талдай аласыз. Бул жүрүм-турумдун себеби сизден коркуу болушу мүмкүн. Кичинекей калп үчүн жазалагандан көрө, баланы чындыкты айтууга жана баалоого үйрөткөн жакшы.
Уялчаактык
Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн уялчаактык кадимки көрүнүш. Эгер балаңыз уялып жатса же жаңы кырдаалга ыңгайлуу болуш үчүн убакыт керек болсо, аны колдоого аракет кылыңыз. Балаңызды жаңы тажрыйбага алдын-ала даярдап, эмне болоору жөнүндө сүйлөшсөңүз болот. Мисалы: “Эртең биз тиш доктурга барабыз. Ал жакта отуруш керек болгон чоң кресло болот, андан кийин оозуңду ачып, тишиңди доктурга көрсөтөсүң. Мен жаныңда болом”. Балаңызды чечкиндүү социалдык жүрүм-туруму үчүн, мисалы, башкаларга жооп берип, көзгө карап же сизден алыс ойногону үчүн кубаттаңыз.
Туталануу
Эгер балаңыз туталанып жатса, анда ал дагы деле сезимдерин билдирүүнүн алгылыктуу жолдорун үйрөнүп жаткандыгын унутпаңыз. Эгер сиз кичинекей баланын жаман жүрүм-турумунун себептерин билсеңиз жана аны оңдоонун үстүндө иштеп жатсаңыз, анда бала төрт жашка чыккандан кийин ачуулануу бир аз азайганын байкайсыз.
Кичинекей балаңыздын элестетилген досу болсо, тынчсыздануунун кажети жок. Балдардын фантазиясы сезимдерди билдирүүнүн жана социалдык көндүмдөрдү үйрөнүүнүн ыкмасын табат.
Мектепке чейинки курактагы балдарга өзүн жакшы алып жүрүүгө кантип жардам берсе болот: кеңештер
Эскертүүлөрдү колдонуңуз
Мектепке чейинки курактагы балага бир нерсени эстеп калуу же бир нерсеге көңүл буруу кыйын болушу мүмкүн, өзгөчө жүрүм-турумдун айрым эрежелерине байланыштуу болсо. Балким балаңызга айрым нерселерди бир нече жолу эскертип турушуңуз керек. Мисалы, парктан чыкканы жатсаңыз, “Биз жакында үйгө барабыз” - деп айтып көрүңүз. Андан кийин кете турган убактыңызга жакыныраак дагы бир эскертүү жасаңыз: “Дагы бир аттракцион — анан кетебиз”.
Сезимдер менен бөлүшүңүз
Эгерде сиздин мектепке чейинки курактагы балаңыз анын жүрүм-туруму сизге кандай таасир тийгизип жатканын түшүнсө, ал сизге боорукердик менен мамиле кыла алат. Балаңыз менен сүйлөшкөндө, ага сезимдериңизди билдирип турган сөздөрдү колдонуңуз. Сиз ага айта аласыз: “Мен бул жер ызы-чуу болгондуктан телефон менен сүйлөшө албай капа болуп жатам”. Сүйлөмдү “мен” менен баштасаңыз, бул балаңызга сиз үчүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Айлана чөйрөнү өзгөртүңүз
Көпчүлүк учурларда айлана-чөйрөнү өзгөртүү менен балаңыздын көйгөйлүү жүрүм-турумун алдын алууга же минималдаштырууга болот. Мисалы, мектепке чейинки курактагы балаңыз сиздин кичинекей балаңыз анын оюнчуктарын үстүндө сойлоп жана ага тоскоол болуп жатканына капа болуп жатса, анда сиз улуу балаңызга тынч ойной турган тынч жерди табууга жардам бере аласыз.
Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо жана баланын жүрүм-турумун башкаруу
Тартип балаңызга өзүн социалдык эрежелерге жана ченемдерге ылайык алып жүрүүгө жардам берет.
Күн тартибин уюштуруу жана аны сактоо балага белгилүү бир эрежелерди сактоого жардам берет.
Үй-бүлөлүк эрежелер бардык курактагы балдар үчүн тартиптин негизги аспектиси болуп саналат. Алар сиз күткөн жүрүм-турумду так көрсөтүп, балдардын жүрүм-турумун оң багытта жөнгө салат. Мектепке чейинки курактагы балдар эрежелерди унутуп же көңүлгө албай коюшу мүмкүн, андыктан аларга колдоо жана эскертүүлөр керек болот.
Кесепеттери — бул балдардын жүрүм-турумун багытоонун ыңгайлуу ыкмасы, анткени алар балдарга эмне кылбоо керектигин түшүндүрөт. Жакшы жүрүм-турумга үндөө мектепке чейинки курактагы баланы келечекте өзүн туура алып жүрүүгө үндөйт.
Физикалык жазалар балдарга өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөтпөйт, тескерисинче, аларга зыян келтирип, балдар сизден коркуп калышы мүмкүн.
Бала менен жылуу, сүйүүгө толгон мамиле, аны жакшы жүрүм-туруму үчүн сыйлоо — булардын бардыгы тарбиялоонун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Мектепке чейинки курактагы баланын жүрүм-турумунун сиздин сезимдериңизге тийгизген таасири
Балаңыз өзүн жаман алып жүрсө, сиз ачууланып же стресске кабылышыңыз мүмкүн.
Өзүңүзгө кам көрүңүз: туура тамактануу, жетиштүү уктоо жана физикалык активдүүлүк сизге жардам берет. Сезимдериңиз жөнүндө жубайыңыз, ата-энеңиз, досуңуз же психологуңуз сыяктуу ишенимдүү адам менен сүйлөшсөңүз болот.
Эгер баланын жүрүм-туруму сизди тынчсыздандырса же аны эмне кылууну билбей жатсаңыз, адиске кайрылыңыз.