Мен киммин?
Эмне керек: балаңыздын сүрөтү (эгерде сизде басылып чыгарылган сүрөт жок болсо, телефонуңузда болушу мүмкүн).
Оюндун маңызы эмнеде: сүрөттү чогуу карагыла. “О, бул___!” (балаңыздын ысымы) деп айтыңыз. “Бул ким? Ооба, бул___!” (Балаңыз өзүнүн ысымын айта алат же аны менен бирге айтыңыз). “Сен үч жаштасың! Сен кызсың/баласың!” Сиз балаңыздын ысымын, жашын жана жынысын айта аласыз же жөн гана ысымы жана жашынан баштасаңыз болот — балаңыз эмнени түшүнгөнүнө жана анын кызыгуусун жаратканына жараша. Сүрөттү же ар кандай кырдаалдагы балаңыздын бир нече ар кандай сүрөтүн карап, ал өзүнүн ысымын, жашын жана өзү жөнүндө дагы башка каалаган нерсени айтыш үчүн сүрөттө ким экендигин сураңыз. Балаңыз өзү да сүрөттөрдү көрсөтүп, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө айтып бергенди жактырышы мүмкүн.
Ошондой эле сүрөтсүз баладан суроого болот: “Атың ким?” “Туура, сенин атың __!”
Мында бала эмнеге үйрөнөт: ысымын, жашын жана жынысын билүү балаңыздын инсандык өнүгүүсүнүн, өзүн-өзү аңдап-билүүсүнүн жана өзүн-өзү сезүүсүнүн бир бөлүгү болуп саналат.