Мен көптөгөн белгилерди жасайм!

Сизге керектүү материалдар: Бор, карандаш же маркерлер (мүмкүн болсо бир нече); кагаздын чоң бөлүктөрү (ал тургай гезит же буга чейин жазылган нерсенин арты болушу мүмкүн). 

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта көпчүлүк балдар "реалдуу" сүрөттөрдү тарта алышпайт, бирок кагаз бетине белгилерди жасаганды - чиймелегенди жакшы көрүшөт.  Бир нече ай мурун балаңыз муну жасай баштаган болушу мүмкүн; эми сиз аны дагы көбүрөөк чиймелегенге түрткү бере аласыз. Бул нерсени жасоо үчүн жөн гана чоң кагазды тегиз жерге коюп, кээ бир материалдарды тартуу же чиймелөө менен, балаңызга көп убакыт бөлүңүз. Балаңыз карандашты алып, белгилерди чиймелей башташы мүмкүн. Эгерде сиздин балаңыз буга чейин мындай иш аракетти жасап келген болсо, анда балаңыздын муну тез аткарып жатканын көрө аласыз.

Балаңызга материалдарды каалагандай колдонууга убакыт бөлүңүз.  “Оо, карачы, карандаш менен ушунча көп белгилерди кантип тартып койдуң. Мен бул жерде чоң тегеректи жана ал жерде узун, узун кезекти көрүп турам!" деген сыяктуу сөздөрдү айта аласыз. Мүмкүн болсо, кийинчерээк өзүңүз жана үй-бүлөңүз суктанып көргөнгө, балаңыздын бир нече “чиймеленген сүрөттөрүн” дубалга чаптап койсоңуз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул тажрыйбалар сүрөт тартууга жана жазууга карай кадамдарды баштайт. Балаңыз манжаларындагы жана колдорундагы кичинекей булчуңдарды көбүрөөк көзөмөлдөп жатат.  Балаңыз ошондой эле мээсинин ой жүгүртүүсү менен (узун, узун белги чий) манжаларынын эмне иш аракет жасап жатканын байланыштыра баштады. Ошондой эле, сиз балаңыздын жасап жаткан иштерин сүрөттөө үчүн сөздөрдү колдонуп, анын тилинин өнүгүшүнө түрткү бересиз.