Мен көрүп жатам

Сизге: жакшы маанай керек!  

Оюндун маңызы эмнеде: ким биринчи баштаарын чечип алыңыз — бул адам көзгө көрүнгөн нерсени тандап, биринчи тамганы жардамчы тамга катары айтышы керек. Мисалы, “Мен “с”...” тамгадан башталган нерсени көрүп жатам”. Эми калган оюнчуларга бул нерсенин эмне экендигин табууга мүмкүнчүлүк берилет. Туура тапкан оюнчу кийинки сөздү табышмак кылат, ошентип бардыгы кезектешет.

Табышмак кылынган буюм тез эле көздөн кайым болуп кетсе, оюн кызыктуу болбой калат. Узак убакытка көрүнүп турган нерсени тандаңыз.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул классикалык балдар оюну балдарды табышмак кылынган нерсени табуу үчүн айланадагы бардык нерселерге көңүл бурууга мажбурлайт. Бул байкоочулукту өнүктүрүү үчүн ылайыктуу жана узак сапарларда убакытты өткөрүүгө жардам берет!