Мен муну билем!

Сизге керектүү материалдар:  Эч нерсе

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта балаңыз эч нерсе деп айтпаса керек, бирок ал күн сайын көп нерсени түшүнөт.  Балаңыз түшүнгөн бардык ысымдарды жана аракеттерди байкоо кызыктуу болот!  Күнүмдүк ар кандай иш-аракеттердин учурунда сөзсүз түрдө балаңыз тааный баштаган сөздөрдү колдонуңуз - анын атын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн (конокко келген чоң ата, чоң энесинин атын айтсаңыз болот, балаңыздын ал адамды көрүү үчүн карап калганын байкаңыз). Сиздин оюңузча, балаңыз кайсы буюмдарга тиешелүү сөздөрдү билет?  Сиз дагы  "Бөтөлкөң кайда?" же "Эми бут кийимиңди кийип алалы",  деп айтсаңыз болот. Сөздү так айтып, балаңыз буюмду карап же аны алып жатканынан түшүнгөнүн байкаңыз.  Балаңыз кандайдыр бир кооптуу нерсени жасайын деп жатканда, "Жок" дегенде, балаңыз сөзгө реакция кылганын байкадыңызбы?  Айлар өткөн сайын анын түшүнүгү канчалык өнүгөөрүн байкап көрүңүз.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Булар балаңыздын тилин өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдар.  Түшүнүү сүйлөгөнгө чейин пайда болот жана бул эки жөндөм тең сиз балаңыз менен ар кандай нерселер жөнүндө күн сайын, ал тургай ал сүйлөшө электе сүйлөшкөндө көбүрөөк өнүгөт.