Мен муну өзүм жасайм!
Сизге керектүү материалдар: Эч нерсе
Бирге эмне кылсаңыз болот: Сиздин бөбөгүңүз көзкарандысыз болуп баратат. Бул экөөңөрдү тең толкундандырат, бирок бир аз көйгөйлөр да бар. Ал сиз каалаган нерсени жасоодон баш тартышы мүмкүн же сиз ал каалаган нерсени жасооңузду каалашы мүмкүн! Бул убакыт чыдамдуулук менен акылдуу стратегияларды талап кылат. Бир нерсени аткаруу өтө кыйын болуп турганда, балаңыз “муну өзүм жасайм” десе, балким, ага анын бир бөлүгүн аткарууга мүмкүндүк берип, анан ал нерсени бүтүрүүгө өзүңүз жардам берүү менен, аны мактап туруңуз. Кээде "сенин кезегиң" жана "менин кезегим" деген жардам берет. Ошондой эле, балаңыздын сезимдерин чагылдыруу үчүн сөздөрдү колдонсоңуз болот, мисалы: “Мен бул нерсени сен каалагандай жасашымы каалап турганыңды билем, бирок азыр аны жасай албайм. Бул сенин ачууңду келтирет, бирок азыр жасаганга башка нерсе издеп көрөлү, бул нерсени болсо кийинчерээк жасаганга аракет кылабыз», деңиз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыз көзкарандысыз болууга жана өз каалоосун айтууга үйрөнүп жатат. Бул анын өнүгүшүндөгү маанилүү, бирок оңой эмес кадам. Сиздин ага чыдамдуулук менен колдоо көсөткөнүңүз аркылуу, бара-бара балаңызга капа болуу сезимин башкарууга жардам берет жана башка адамдардын муктаждыктарын, өзүнүн муктаждыктарындай эле түшүнө баштайт.