Мен ойнойм жана басканды үйрөнөм
Сизге керектүү материалдар: Сүйүктүү оюнчуктар же колго жасалган оюнчуктар, жаздыктар, жумшак эмеректер, кутучалар.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Баланын бөлмөдө ары-бери жылып, эмеректердин бөлүктөрүн кармоо менен, ар кандай жумшак эмеректердин арасында жүрө тургандай кылып эмеректерди жайгаштырыңыз. Бул басып жүргөн учурунда тең салмактуулукту сактоого үндөйт. Баланы биринчи кадамдарды жасоого үндөө үчүн, ал бутунда турган учурда, анын сүйүктүү оюнчугун же башка нерсени кармап, бет маңдайына туруп чакыруу керек (кээде адамдын өзү жетиштүү болот).
Балдар түртүп жана тартып жүргөн оюнчуктардан ырахат алышат. Эгер сизде андай оюнчук жок болсо, анда жипти (узундугу 60 см) кутучадан өткөрүп, сүйрөп, тартып ойной турган жөнөкөй оюнчук жасаңыз. Кармагыч катары ылайыктуу кылып топту же желим жипти экинчи четине байлаңыз.
Чоң куту отуруп алып ойногонго сонун жер болушу мүмкүн. Балдар чоң көлөмдөгү буюм салчу нерселерди, алар ичине баткан жаңы чакан мейкиндик катары колдонгонду жакшы көрүшөт. Баланы коробкага кирүүгө, кайра чыгууга же ичинде отурууга үндөңүз ... Кутудан көпүрөнү же туннелди жасаңыз, ал аркылуу анын экинчи тарабында күтүп турган сизге же өзүнүн сүйүктүү оюнчугуна өтүп бара ала турган болсун.
Баланын тоскоолдуктарды жеңип өтүшү үчүн коробкалардан, кичинекей жууркандардан, жаздыктардан же жумшак эмеректердин бөлүктөрүнөн бөлмөдө айрым тоскоолдуктарын рельефин түзүңүз, балаңыз алардан оодарылып же ашып өтүп, астынан же арасынан өтүп кетиши үчүн.
Бала ар кандай оюнчуктар ар кандай нерселерди "жасаарын" билип алат. Ал түртүп, тоголотуп, тартып, кучактап, силкип, басып, буруп, үйүп, айландырып жана аралаштырып ойной турган ар кандай нерселер менен ойносун. Көпчүлүк балдар музыка укканды жакшы көрүшөт. Баланы музыка менен алдыга, айланып жана артка жылууга үндөңүз, анткени ал тең салмактуулукту ушундайча аткарат. Керек болсо, анын колун кармап жардам бериңиз. Мунун бардыгы анын алгачкы басуу көндүмдөрүн колдойт.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул иш-аракет балаңызга ар кандай багытта, ар кандай ылдамдыкта өз алдынча кыймылдоону үйрөнүүгө же ар кандай кыймылдарды айкалыштырууга жардам берет (кыймылын токтотуп, колун булгалоого). Ал бул чеберчиликти өздөштүрүүгө ушунчалык кызыкдар болгондуктан, ал сизден өмүрүңүздүн ар бир бош мүнөттөрүн ушул маанилүү турмуштук функцияны өздөштүрүүдө ага колдоо көрсөтүү үчүн арнооңузду күтөт. Сураныч, ал издеген шартты түзүп бериңиз!