Мен сенин жакшы көрөм, балам!

Сизге: Көңүлдүү маанай керек.

Оюндун маңызы эмнеде: Баланы жөн гана колуңузга алып, “мен сени жакшы көрөм, балам” деп терметесиз. Анан башын, мурдун, алаканын, манжаларын өпсөңүз болот.

Балаңызды канчалык кучактап, эркелетип, көтөрүп жүрсөңүз, ал чоңойгондо ошончолук өзүнө ишенимдүү, көз карандысыз болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: ымыркай менен байланышты сактоо үчүн дайыма сүйлөшүү маанилүү экенин унутпаңыз. Кучактоо ата-эне менен балдардын ортосундагы байланышты түзүүдөгү алгачкы кадам болуп саналат.