Мен жана менин досторум

Сизге керектүү материалдар: Ойногонго жөнөкөй буюмдар же сырттагы материалдар; Бир канча балдар чогуу ойной турган коопсуз, көзөмөлгө алынган жай

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ушул жашта сиздин балаңыз өз курагындагылар менен чогуу ойной баштайт - жанаша гана эмес, чогуу бир нерселерди жасай баштайт. Мүмкүн болсо, адегенде кыска убакытка, бир канча балдарды ойногонго чогултуңуз (эгерде балаңызда бала бакчада мындай көп мүмкүнчүлүктөр болбосо). Санитардык чектөөлөргө ылайык,  айрым коомдук сейил бактарда бирге ойной турган шериктерин табууга ыңгайлуу.  Балаңыздын башка бала менен ойноого кызыкдар экендигин байкаңыз. Эгер алар эмне кылышты билбей жатышса, сиз бир нерсени же кандайдыр бир буюмдарды сунуштай аласыз: «Мына, эки кашык, ар бириңерге бирден. Силер чогуу чуңкур каза аласыңарбы?  Чоң чуңкур каза аласыңарбы?".   Чыр-чатактар болуп калса, балдарды колдоо жана коопсуздукту көзөмөлдөө максатында байкоо кылып туруу маанилүү. Азырынча алар көп сөздөрдү сүйлөбөйт, социалдык көндүмдөрү алгачкы баскычта экендигин унутпаңыз. 

 

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Сиздин балаңыз үй-бүлөсүнөн тышкары социалдык мамилелерди жактыра баштайт. Мектепте жана жашоодо социалдык компетенттүүлүк маанилүү болуп, ага ырахат тартуулайт.  Башка балдар менен эмнени жана кандайча ойноону пландаштыруу үчүн сиздин балаңызга анын ой жүгүртүү көндүмү керек болот жана оюнду улантыш үчүн, эмоцияларын башкара билүү же "жөнгө салуу" жөндөмү өсөт.