Мен жөнүндө китеп
Сизге керектүү материалдар: Кагаз (жөнөкөй же түстүү), карандаш, бор же маркерлер, лента же степлер; Даярдалган "Мен жөнүндө китеп" деп жазылган китептин биринчи бети. Балаңыздын аты, фамилиясы, жашы жана үйдүн дареги чоң тамгалар менен жазылган карточкалар же кагаздар (ал көчүргөнгө ылайык). "Мен жөнүндө китепти" кооздоо үчүн кошумча нерселер, мисалы, стикерлер, балаңыздын сүрөттөрү ж.б.
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды ал жөнүндө атайын китеп жасоого чакырыңыз! Биринчи баракты "Менин атым" деп түзүңүз - балаңызга ошол баракчага өзүнүн атын жана фамилиясын айтып, көчүрүп алууга жардам бериңиз. Сиздин балаңыз ошол баракчага өзүнүн сүрөтүн тартып же сүрөтүн чаптай алат. Андан кийинки бет "Менин дарегим" болушу мүмкүн. Балаңызга ошол баракчага өзүнүн дарегин көчүрүүгө жардам бериңиз, эгерде ал жаза албаса, балаңыздын ордуна жасаңыз. Бул жерде сиздин балаңыз өзү жашаган жердин сүрөтүн тарта алат.
Андан кийин, эгерде сиздин балаңыз кызыкдар болсо, анда ал жөнүндө көбүрөөк баракчаларды кошсоңуз болот, мисалы "Менин үй жаныбарым" (эгер балаңыздын жаныбары болсо), "Менин сүйүктүү тамагым", "Менин иним" ж.б. Сөздөрдү чогуу жазып, балаңызды сүрөт тартууга үндөңүз.
Китепти скотч менен же көктөө менен бүтүрүңүз. Аны үй-бүлөңүздөгү башка адамдарга окуп бериңиз! Балаңыз таба турган жерге коюп, кайра-кайра чогуу окуп туруңуз.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Алардын коопсуздугу үчүн, эгер балдар адашып кетсе, алардын толук аты-жөнүн жана дарегин билүүсү маанилүү. Мындай маалыматты билүү балаңыздын инсандыгын жана үй-бүлөсүндө жана коомдо ээлеген ордун калыптандырат. Бул иш-аракет балаңыздын сабаттуулугун арттырат - анын тамгаларды жана сөздөрдү билүүсүн жана окуунун, жазуунун күнүмдүк турмуштагы маанилүүлүгүн бекемдейт.