Менин атайын жардамчым
Сизге керектүү материалдар: Күнүмдүк буюмдар же күнүмдүк жашоодо колдонулган башка материалдар. Мисалы, бүктөлгөн таза кийимдер; балаңыз ойногон оюнчуктар же башка буюмдар; кашыктар, сынбай турган чөйчөктөр же кандайдыр бир тамак аштар; бакчадан табылган нерселер , мисалы, жердеги жалбырактар
Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды «өзгөчө жардамчыңыз болууга» чакырыңыз. "Бул байпактарды жайгаштырганга, мен сенин жардамыңа абдан муктажмын. Айрымдарын карындашыңдын шкафына салуу керек; кээ бирлери сеникине. Буларды алып коюп койсоң болот? О, сен кандай чоң жардамчысың! Рахмат!"
Мындай иш-аракет ар кандай буюмдар жана тапшырмалар менен күнүмдүк иш-аракеттердин бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Балаңыз кызматташууну үйрөнүп жатат жана башкаларга жардам берүү балаңызды жана башкаларды кубандырат. Сиздин балаңыз жөнөкөй көрсөтмөлөрдү аткарууну үйрөнүп жана көп буюмдардын аттарын билип жатат. Мүмкүн ал буюмдарды иретөөнү же топтоону үйрөнүп жатат, мисалы, балаңыздан кичинекей байпактардын бардыгын таап, аларды бир баштыкка, ал эми чоңураак байпактарды башка баштыкка салууну сурансаңыз болот. Бул нерсени сыноо эмес, көңүлдүү жана достук маанайда өткөрүңүз.