Менин биринчи шылдырагым

Сизге керектүү материалдар: Шылдырак; жумшак жер же бала отургучу

Бирге эмне кылсаңыз болот: Ымыркайлар ырларды жакшы көрүшөт, анткени алар үчүн үн жана тил дүйнөсү менен таанышуунун кызыктуу ыкмасы. Бул ишти жасоо менен, сиз ымыркайга айлана-чөйрөдөн чыккан үндөрдү билүүгө жардам бересиз.

Баштоодон мурун, алар ойной турган жерди даярдаңыз. Оюнга жолтоо болушу мүмкүн болгон бардык нерсени алып салыңыз. Баштоо үчүн, колуңузда балаңыздын шылдырагы болушу керек.

Эми балаңызды жумшак жерге же балдардын отургучуна жаткырыңыз. Шылдыракты балаңыздын алды жагына кармап, акырын шылдыратыңыз. Чочутуп албаш үчүн, аны акырын кылыңыз.

Шылдыракты шылдыратып жатканда, бөбөк ырларынан ырдагыла, же болбосо төмөнкүлөрдү ырдап көрсөңүз болот:

Чоң энеге байыр,

Эки казы дайым,га-га-га

Бири ак каз,

Бири көк каз,

Экөө бирдей шайыр, га-га-га

Бул рифманы ар кандай жаныбарларды, мисалы, ит, мышык ж.б. кошуп колдонсоңуз болот. Ымыркайдын шылдыракты карап жаткандыгын текшерип, анын көңүл бургандыгын байкаңыз. Андай болсо, шылдыракты капталга жылдырып, ырды дагы бир жолу ырдаңыз, ошондо балаңыз башын шылдыракка бурат.

Бөлмөнүн ар кайсы жеринен шылдырактын үнүн  чыгарып, ымыркай башын үн чыккан жакка бурганын  байкап туруңуз. Ымыркай башын буруу менен моюнуна коркунуч келтире тургандай жерлерден шылдыратпаңыз.

Эгер ымыркайыңыз аябай кызыгып, даяр экендигин сезсеңиз, анда анын колуна шылдыракты карматып, аны менен тажрыйба жүргүзсө болот. Ымыркай шылдырак менен ойноп жатканда, бөбөк ырларын ырдай берсеңиз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Ымыркайдын мээси айлана-чөйрөдөн алган маалыматтын таасири менен өсүп, чоңоюп жатат. Аны ар кандай үндөргө дуушар кылуу ага үндөрдү аныктоого, айырмалоого жана табууга жардам берет, ошондой эле моюнун жана башын кыймылдатат.