Менин биринчи тобум

Сизге керектүү материалдар: Чоң үйлөнүлүүчү топ (аны цилиндр формасындагы жаздыкка же картон цилиндрге алмаштыра аласыз)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Чоң үйлөнүлүүчү топтор кичинекей бөбөктөр катышкан көптөгөн оюндарда пайдалуу. Ушул түрдөгү топ менен ойной турган оюндардын бири - анын үстүндө балаңызды термелтүү.

Алгач балаңыздын денеси топтон жылмышып кетпеши үчүн жалаяк салышыңыз керек. Топту килемдин ортосуна же жумшак жерге ортого коюп, эки колуңуз менен топтун капталдарынан кармап туруп, балаңызды курсагы менен топко  коюңуз. Сиз ага ишеним жана коопсуздукту билдирүү үчүн, анын алдында отуруп, анын кичинекей колу менен колуңузду кармаганга уруксат бериңиз.

Топту жай алдыга, артка жана капталга тоголотуңуз. Айлантып жатканда, анын көзүн карап, ага "Менин куурчакым" обону менен төмөнкүдөй ырды ырдай аласыз:

Топ тоголонот,

Мен аны сага тоголотом,

Эгер сен дөңгөлөктө жүрсөң,

Сен да ушинтип тоголонот элең.

 

Күн сайын бир нече мүнөт көбөйтүп, бул иш аракетти  кайталасаңыз болот.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат: Бул кызыктуу оюн кан айланууну активдештирип, булчуңдарды тонуска келтирет, ийкемдүүлүктү жогорулатат жана башты тик кармоо сыяктуу дене кыймылын башкарууну үйрөнөт. Балаңызды топтун үстүнө коюу менен, сиз анын денеси менен таанышууга, кол менен кармоого жана тең салмактуулукту өрчүтүүгө жардам бересиз.