Менин биринчи жазууларым

Эмне керек: кагаз, сүрөт тартуу же жазуу үчүн каражаттар (калемдер, борлор).

Оюндун маңызы эмнеде: бул куракта көпчүлүк балдар “реалдуу” эч нерсе тарта алышпайт, бирок алар кагаздын бетине чийгилеп, каракулдарды калтырганды абдан жакшы көрүшөт. Кичинекей балаңыз өзүнүн биринчи аракеттерин бир нече ай мурда жасай баштаган болушу мүмкүн; сиз аны активдүү колдой аласыз. Бул үчүн балаңызга жетиштүү убакыт бериңиз. Жөн гана чоң кагазды тегиз жерге жана сүрөт тартуу үчүн каражаттарды коюңуз. Балаңыз биринчи түстүү калемди алып, кагаздын бетине чийип башташы мүмкүн. Эгер буга чейин бала аракет кылып көргөн болсо, анда ал тез эле өздөштүрүп кетет.

Кичинекейиңизге сүрөт тартуу үчүн каражаттардын бардыгын каалагандай колдонууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Сиз көргөн нерсеңизди айтсаңыз болот: “Карачы, бул калем менен канча сүрөт тарттың. Бул жерде сенде чоң тегерек бар, ал эми мында узун-узун сызык бар!” Балаңыз тарткан бир нече “сүрөттү” бүт үй-бүлө көрө турган жерге илип койсоңуз болот.

Мында бала эмнеге үйрөнөт: бул тажрыйба — сүрөт тартуу жана жазуу жолундагы алгачкы кадамдар. Балаңыз манжаларынын жана колдорунун майда булчуңдарын жакшы башкара баштайт. Ошондой эле, ал ойлоп жаткан нерсе менен (узун-узун сызык сызуу) манжалары кылып жаткан нерсенин ортосунда байланыш түзө баштайт. Мындан тышкары, сиз балаңыздын эмне кылып жатканын айтуу менен анын сүйлөө жөндөмүнүн өнүгүшүнө түрткү бересиз.