Менин дарегимдин ыры

Сизге керектүү материалдар: Балаңыздын аты-жөнү жана дареги, чоң тамгалар менен кагазга жазылган (азырынча бул жөн эле көчөнүн аталышы болушу мүмкүн)

Бирге эмне кылсаңыз болот: Балаңызды өзүңүз менен кошо атайын ыр чыгарууга чакырыңыз.  «Бул сенин атың жана сенин жашаган дарегиң -  сен жана мен жашаган жердин дареги катышкан өзгөчө ыр болот!  Ырды чогуу ырдап, кийин атаңа (же башка үй-бүлө мүчөсүнө) ырдап берсек болот».

Жөнөкөй сөздөрдү ушул сыяктуу колдонуп, тааныш обонго салсаңыз болот:

Мен Алмазмын, мен Алмазмын, бул менин атым, бул менин атым!

Мен Аксай 3 көчөсүндө жашайм, Аксай 3 көчөсүндө жашайм.

Бул менин дарегим, менин дарегим!

Ырды чогуу ырдаңыз. Сиз балаңыздын жазылган аты-жөнүн жана жашаган жерин көрсөткөндө ушундай кылсаңыз болот.  Үйдө тапшырмаларды аткарганда же чогуу сейилдеп жүргөндө көп кайталаңыз.  Балаңыз бир аз убакыттан кийин өз алдынча ырдай алат.

Балаңыз эмнени үйрөнүп жатат:  Балаңыз мектепке даярданганда, өзүнүн ысымын жана дарегин билүү маанилүү.  Ырлар балдардын атын жана дарегин гана эмес, алиппе тамгаларын жана башка маалыматтарды эстеп калууга жардам берет.  Ырды жаттоо дагы балаңыздын ой жүгүртүү жөндөмүн өркүндөтөт жана ырды чогуу жаратуу сиздин мамилеңизди бекемдейт.